Мазари-Шариф Афганистандын Өзбекстан менен чектешкен жерине жакын жайгашкан. Буга байланыштуу өзбек бийлиги мекендештерди кайтарууну уюштурду.
Мазари-Шариф 400 миңден ашуун калкы бар маанилүү соода-транспорттук түйүн болуп саналат. Ал талибдердин колуна ири кутумдун натыйжасында өткөнү айтылды.
Желалабад шаарын талибдер согушу жок басып алганын, өкмөттүк аскерлер багынууга аргасыз болуп жатканы маалым болду.
Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышууда.
"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөөдө, расмий Кабул буга макул эмес. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен.
* Россияда террордук уюм деп табылып, ага тыюу салынган