ЖОЖ, кесиптик лицейлердеги окуу тартиби, каникул мөөнөтү айтылды

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUАбитуриент экзамен алдында. Архив
Абитуриент экзамен алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Жусупбекова 2022-2023-окуу жылына карата жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу кампаниялары 20-июлдан 10-сентябрга чейин жүргүзүлө турганын айтты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жай, кесиптик лицейлерде да окуу жылы 15-сентябрда башталып, окуу жана каникул мөөнөтү бир аз өзгөрдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Орто кесиптик лицейлердеги сессия, каникулдардын убактысы:

  • Биринчи жарым жылдык 15-сентябрда башталып 31-декабрда аяктайт;
  • Экзамендик сессиялар 3-январдан 21-январга чейин жүрөт;
  • Экинчи жарым жылдык 7-февралда башталып 25-июнда аяктайт;
  • Экзамендик сессиялар 27-июндан 16-июлга чейин жүрөт;
  • Кышкы каникул 24-январдан 5-февралга чейин, жайкы каникул 18-июлдан 14-сентябрга чейин болмокчу.

Жогорку окуу жайларда:

  • Биринчи семестр 15-сентябрда башталып 31-декабрда аяктайт;
  • Экзамендик сессиялар 3-январдан 21-январга чейин жүрөт;
  • Экинчи жарым жылдык 7-февралда башталып 25-июнда аяктайт;
  • Экзамендик сессиялар 27-июндан 16-июлга чейин жүрөт;
  • Кышкы каникул 24-январдан 5-февралга чейин, жайкы каникул 18-июлдан 14-сентябрга чейин уланмакчы.

Жусупбекова 2022-2023-окуу жылына карата жогорку жана орто окуу жайларында кабыл алуу кампаниялары 20-июлдан 10-сентябрга чейин жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0