COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларында канча орун бош

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Оорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Бүгүн Бишкек менен Чүйдө коронавируска кабылгандарды дарылаган ооруканаларда орун көбүрөөк. Мисалы, кечээ эртең менен 400дөн ашык орун болсо, бүгүн 673 керебет бош.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 673 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 12-август, саат 8:00гө карата берилди:

  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 30;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 80;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 58;
  • Улуттук кардиология борбору — 14;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 40;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 53;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 28;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 85;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 86;
  • Аскердик госпиталь — 35;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 30;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 37.
Жаңылыктар түрмөгү
0