БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 602 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек — 287;
- Ош — 6;
- Чүй — 68;
- Ош — 18;
- Талас — 19;
- Нарын — 23;
- Ысык-Көл — 70;
- Жалал- Абад — 78;
- Баткен — 33.
Пандемиядан бери баш-аягы оору 169 017 кишиден тастыкталды.
Сутка ичинде 1 478 бейтап сакайса, ооруну жеңгендер жалпысынан 156 925 болду.
Тилекке каршы, 10 киши көз жумду. Пандемия жалпысынан 2 399 адамдын өмүрүн алды.
Учурда ооруканада 2 947 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 5 359 киши дарыланууда.