Бишкек — Ош жолунда май ташыган унаа сайга кулап, айдоочу көз жумду. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровБензовоз. Архив
Бензовоз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Адам өлүмүнөн сырткары бензовоздогу 35 тонна күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына куюлган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип сайга кулап, айдоочусу каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя трассанын 394-чакырымында, Торпу деп аталган жерде болгону айтылды. Каза болгон 60 жаштагы айдоочунун жанында келе жаткан 39 жаштагы киши жаракат алган. Ал эми көз жумган айдоочунун сөөгүн Тез жардам Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирген.

ДТП в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Ош: унаа түркүктү сүзүп, бир киши каза таап, үчөө ооруканага жеткирилди. Сүрөт
Маалыматта бензовоздогу 35 тонна күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулуп кеткени айтылган.

Окуя болгон жерге Кара-Көл шаарынан беш куткаруучу келип, тактоо иштерин баштаган. Мындан сырткары, ИИМ кызматкерлеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0