COVID инфекциясын 996 адам илештирип алды. 28-июлга карата статистика

© AFP / ANDER GILLENEAМедициналык кызматкер бейтап менен ПЦР-тест учурунда. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен ПЦР-тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери өлкөдө 160 миңден ашуун кишинин ооруганы расмий тастыкталып, анын дээрлик көбү айыкты. Ал эми Бишкекте инфекцияны жугузгандар азайбай келет.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 996 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 603;
  • Ош шаары — 9;
  • Чүй — 126;
  • Ош — 26;
  • Талас — 12;
  • Нарын — 14;
  • Ысык-Көл — 56;
  • Жалал-Абад — 92;
  • Баткен — 58.

Пандемиядан бери 160 085 кишиден вирус расмий аныкталды. Ал эми бир сутка ичинде 1 723 адам айыгып, жалпы ооруну жеңгендер 140 039 болду.

Стационарда 3 928, амбулатордук түрдө 12 528 бейтап дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0