Аламүдүндө 11 жаштагы бала сууга агып кетип, сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСууга түшүп жаткан бала. Архив
Сууга түшүп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Баланын сөөгүн Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундардын тапканы маалым болду.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга 11 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 26-июлда, саат 15:14 чамасында болгон. Баланы издөөгө төрт куткаруучу чыгып кеткен. Бирок сөөктү Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0