00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек? Министрлик сунуштаган 10 кеңеш 

© Sputnik / Табылды КадырбековКищи пптаптуу ысык учурунда. Архив
Кищи пптаптуу ысык учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Жогорку температура улгайгандар, кош бойлуулар, балдар, өнөкөт оорусу бар адамдар жана COVID-19 менен ооругандар үчүн кооптуу.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аптаптуу ысыктан сактануу боюнча сунуштамаларын жарыялады. 

Белгилей кетсек, 24-27-июль күндөрү өлкөдө мээ кайнаткан ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй облусу жана өлкөнүн түштүк региондорунда күндүн табы 40 градуска, Талас облусунда 39 градуска чейин көтөрүлөт. 

 “Мындай жогорку температура ден соолукка кооптуулук жаратат. Өзгөчө, улгайгандарга, кош бойлууларга, балдарга, өнөкөт оорусу барларга (жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети) жана COVID-19 менен ооругандарга терс таасирин тийгизет. Бул суюктукту жана минералдык тузду — калий, магний жана башкаларды ашыкча жоготууга байланыштуу. Мындай учурда кан коюлуп, жүрөк-кан тамыр системасына кошумча жүк түшүп, тромб пайда болушу ыктымал”, — деп эскертти министрлик. 

Аны менен катар Саламаттык сактоо министрлиги ысыктан коргонуу үчүн 10 кеңеш сунуштады: 

  1. мүмкүн болушунча күндүн нуру түз тийген жерден оолак болуңуз. Көлөкөдө басып же көчөгө чыгууну чектеңиз. Айрыкча, күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын имараттын ичинде болууга аракет кылыңыз; 
  2. баш кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз; 
  3. мүмкүн болушунча кыймылды жана акыл-эсти иштетүүнү азайтуу шарт; 
  4. суу ичүү режимин сактаңыз. Суюктукту көп ичиңиз, бирок ошол эле маалда суусундуктар өтө муздак болбошу керек. Себеби мунун айынан ооруп калышыңыз ыктымал. Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл; 
  5. мөмө жана жер-жемишти көбүрөөк жеш керек. Алар канчалык ширелүү болсо, организмдеги суюктуктун ордун толтурууга ошончолук жакшы; 
  6. арыктагы, каналдардагы, фонтан жана башка көчөдөгү сууну ичүү кооптуу экенин жакындарыңызга эскертиңиз. Алар эс алып, ойноп же башка бир нерсе менен алектенип жатканда коргоочу каражаттар жана таза суу менен камсыздаңыз; 
  7. желдеткич жана кондиционер колдонуңуз. Желдеткичтин абаны үйлөгөн багытын өзүңүз тарапка койбоңуз, ар тарапка үйлөп турганы жакшы. Мындан сырткары, кондиционер менен аябай муздатылган имараттын ичинен дароо ысыкка чыгууга болбойт. Суук тийип ооруп калышыңыз ыктымал;  
  8. пахта жана зыгыр кездемесинен тигилген кийимдерге басым жасаңыз, чапташкан кийимдер сунушталбайт. Аба өткөрө турган кийимдерди тандаңыз. Анан да ачык түстө болушу керек, себеби кара түстүү кийим өзүнө ысыкты тартат;   
  9. тез-тез душка түшүп же чачыкты муздак сууга малып денеңизди арчып туруңуз. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, дүкөндөрдө сатылган нымдуу чүпүрөктү колдонуңуз;
  10. ыңгайына жараша ысыкта жылаңайлак басыңыз. Чөптүн үстүндө 10-15 мүнөт басуу кан айланууну жакшыртат. Натыйжада чыйралып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0