Жапаров мамлекеттик резиденцияга барган депутаттар менен эмнени талкуулады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору талкууланды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, бир катар олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору талкууланды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчы бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты.

ЖК депутаттары автобус менен Садыр Жапаровго кетишти. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
ЖК депутаттары автобус менен Садыр Жапаровго кетишти. Видео
“Мындан тышкары, Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары сыяктуу эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи”, — дешти маалымат кызматтан.

Эске салсак, президент 21-июлда парламент депутаттары менен жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0