БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 1 837 киши жеңди, дагы 1 169 адам вирус жуктурса, 12 бейтап ооруну жеңе албай калганын Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек — 1 303;
- Ош шаары — 95;
- Чүй — 155;
- Ош — 35;
- Талас — 13;
- Нарын — 12;
- Ысык-Көл — 36;
- Жалал-Абад — 95;
- Баткен — 93.
Ушуну менен оорудан 130 742 киши сакайды.
Жуктургандар:
- Бишкек — 760;
- Ош шаары — 13;
- Чүй — 132;
- Ош — 31;
- Талас — 12;
- Нарын — 17;
- Ысык-Көл — 52;
- Жалал-Абад — 76;
- Баткен — 76.
- Жалпы 153 878 адам ооруду.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде 12 киши өтүп кетти. Алардын алтоо Бишкекте, Чүйдө төртөө, Нарында жана Баткенде бирден бейтап дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 217 адамдын өмүрүн алды.