00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кыялдагы үйдөн даяр объектке чейин: курулуш бизнесинин сырлары
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Максат Чаки - о том, почему 30 миллионов туристов опаснее, чем их отсутствие
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан проактивдүү саясат жүргүзүшү керек. Регионалдык хаб өлкө экономикасына эмне берет?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цифровой след и кнопка «Удалить»: юрист Плужник — о правах работодателя в эпоху цифровизации
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
ШКУ алкагында өзгөчө кырдаалдарда өз ара жардамдашуу күчөтүлөт
21:11
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Вакцина тукумсуздукка алып келеби? Расмий органдын жообу

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцинаны бейтапка сайууга даярдап жаткан дарыгер. Архив
Коронавируска каршы вакцинаны бейтапка сайууга даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "эмдөө коркунучтуу иш-чара экенин айтып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн" деген маанидеги пост жарыялады.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келет деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Шайлообек Атазов эмдөө коркунучтуу иш-чара экенин айтып, "тукумсуздукка алып келиши мүмкүн" деген маанидеги пост жарыялаган.
"Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш-чара болуп жатат. Мага бүгүн маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап башташыптыр. Вакцина алуу менен коронавирус жок болот деген эч кандай далил жок. Бир да лабораториядан текшерүүдөн өткөн эмес. Вакцина элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жаткан болсо, туура эмес", — деп жазды депутат.
Мындан улам редакция Республикалык иммунопрофилактика борборуна кайрылып, бул билдирүү боюнча пикирин укту.
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Радио
Кыргызбаев: вакцина алып ооруп калгандар жарым жылдан кийин кайра эмделет
"Кыргызстанга алып келинип, эмдөөгө колдонулуп жаткан ар бир вакцина боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасы бар. Айтайын дегеним, биз өндүрүүчүлөрдөн жана башка маалымат булактарынан дагы маалымат албайбыз. Бир гана расмий орган болуп эсептелген ДССУнун сунушу менен иш алып барабыз. Аталган уюм берген нускамаларда бир дагы вакцина тукумсуздукка же башка кооптуу ооруларга алып келет деп жазылган эмес", — деди борбордун директору Ишенапысова.
Ошондой эле ал буга чейин Жогорку Кеңештин комитеттери менен вакциналар тууралуу талкуу болуп жатканда бир дагы депутат эмдөөгө каршы пикир айтпаганын кошумчалады.
"Вакцинаны алуу үчүн каражат бөлүү маселеси каралып жатканда биз Жогорку Кеңешке барганбыз. Анда мындай дооматтар айтылган эмес. Эгер депутаттар өзү айтып жаткандай, вакцина тукумсуздукка же башка ооруларга алып келери боюнча так маалыматтар болсо, ошол далилин көрсөтүп анан айтса туура болмок", — деди адис.
Белгилей кетсек, 11-июлдан бери өлкөдө калкты жапырт эмдөө жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0