https://sputnik.kg/20210716/avgustka-karata-aba-yrajy-1053237177.html
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Абанын орточо температурасы көпчүлүк аймактарда нормадан 1 градуска жылуу, ал эми жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болору күтүлөт. 16.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-16T13:22+0600
2021-07-16T13:22+0600
2021-12-15T22:56+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
аба ырайы
жаан-чачын
температура
күн
тоо
https://sputnik.kg/img/101706/55/1017065590_0:630:6000:4005_1920x0_80_0_0_87b6cbb3e8f4645bc462f642b562264f.jpg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги август айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда норманын чегинде сакталат.Ал эми жаан-чачындын бир айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында нормага жакын болору күтүлөт.Чүй облусуАбанын айлык орточо температурасы 23…25, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 15…17 градус жылыйт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15тен 18…23 градуска, күндүзү 23…28ден 33…38 градуска чейин көтөрүлөт.Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт.Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.Талас облусуАбанын орточо айлык температурасы 18…20 градус жылуу болот. Август ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градуска чейин жетет.Жаан-чачындын бир айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.Ош облусуКүндүн табы 24…26, ал эми тоо этектериндеги райондордо 20…22 градуска көтөрүлөт.Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейинки температура сакталат.Тоо этектериндеги аймактарда күн түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градуска чейин ысыйт.Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылат.Жалал-Абад облусуАбанын орточо айлык температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин ысык болот.Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.Токтогул районунда күндүн табы 31…36 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.Баткен облусуАвгустта абанын орточо температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.Түнкүсүн 12…17ден 18…23кө чейин, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат.Тоо этектеринде күндүн табы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска жетет.Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.Ысык-Көл облусуАй ичинде орточо температура 17…19 градустун айланасында сакталат.Түнкүсүн 6…11ден 13…18 градуска, күндүз 17…22ден 24…29 градуска чейин жылыйт.Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.Нарын облусуАй ичиндеги орточо температура 16…18 градус болору айтылат. Түнкүсүн 5…10дон 13…18 градуска, күндүз 18…23төн 27…32 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.Жайыттар зонасыАлай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт.Ал эми Чаткал өрөөнүндө ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градустун тегерегинде кармалат.Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28 градуска чейин жылуу болот.
https://sputnik.kg/20210715/shashylysh-bildir-sel-zhurushu-mumkun-1053223961.html
https://sputnik.kg/20210711/sary-oj-zhajloosunan-surottor-1053179723.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101706/55/1017065590_330:0:5670:4005_1920x0_80_0_0_06c40d1dfd7c70bb38301294028db964.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аба ырайы, жаан-чачын, температура, күн, тоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аба ырайы, жаан-чачын, температура, күн, тоо
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы
13:22 16.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) Абанын орточо температурасы көпчүлүк аймактарда нормадан 1 градуска жылуу, ал эми жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болору күтүлөт.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги август айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда норманын чегинде сакталат.
Ал эми жаан-чачындын бир айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында нормага жакын болору күтүлөт.
Абанын айлык орточо температурасы 23…25, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 15…17 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15тен 18…23 градуска, күндүзү 23…28ден 33…38 градуска чейин көтөрүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Абанын орточо айлык температурасы 18…20 градус жылуу болот. Август ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын бир айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Күндүн табы 24…26, ал эми тоо этектериндеги райондордо 20…22 градуска көтөрүлөт.
Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейинки температура сакталат.
Тоо этектериндеги аймактарда күн түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылат.
Абанын орточо айлык температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин ысык болот.
Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Токтогул районунда күндүн табы 31…36 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Августта абанын орточо температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Түнкүсүн 12…17ден 18…23кө чейин, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектеринде күндүн табы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ай ичинде орточо температура 17…19 градустун айланасында сакталат.
Түнкүсүн 6…11ден 13…18 градуска, күндүз 17…22ден 24…29 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ай ичиндеги орточо температура 16…18 градус болору айтылат. Түнкүсүн 5…10дон 13…18 градуска, күндүз 18…23төн 27…32 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт.
Ал эми Чаткал өрөөнүндө ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градустун тегерегинде кармалат.
Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28 градуска чейин жылуу болот.