Аксыда сел агызган 3 жашар бөбөктүн сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход сели в селе Жаны-Жол Аксыйского района
Сход сели в селе Жаны-Жол Аксыйского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Азыркы тапта Жаңы-Жол айыл аймагында жашаган 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы кошумчаланды. Ал сел жүргөн учурда суу жээгинде ойноп отурган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Аксы районунун Жолборсту айылында сел агызган 3 жашар бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин айтып, анын ичинен алтоонун сөөгү табылганын билдирген. Кийинчерээк алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени белгилүү болуп, төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барганы маалымдалган.
"3 жашар бөбөктүн сөөгү 14-июль күнү 10:30дар чамасында табылды. Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу, Аксы райондук РИИБинин 7 кызматкери жана 30дай жергиликтүү тургун тартылган", — деп жазылат билдирмеде.
Азыркы тапта Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы кошумчаланды. Ал сел жүргөн учурда суу жээгинде ойноп отурган.
Жаңылыктар түрмөгү
0