Чет өлкөлүк клубдарда ойногон Айчүрөк: сиңдимди ээрчип футболчу болуп калдым

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаФутбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Төлөнова
Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Төлөнова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Төлөнова Беларустун чемпионатындагы Гродно шаарынын "Неман" клубуна өтүп, алгачкы оюндарын ийгиликтүү өткөрүүдө.
20 жаштагы Айчүрөк Төлөнова улуттук команданын формасы менен алгачкы ирет 2017-жылы Үч улуттун кубогу (Кубок трёх наций) мелдешинде Казакстандын курама командасына каршы оюнга чыккан. Ошондон бери КРдин негизги голкипери. Кыргыздын спортчу кызы Беларустун командасына кантип келип калганын, жаңы клубдагы алгачкы беттештер кандай өткөнүн, футболдогу башкы максаты жана башка жагдайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берди.
— Айчүрөк, беларустук клубда бир нече беттештерди өткөрдүңүз. Сиз ойногон беттештерде "Немандын" дарбазасына гол боло элек. Оюндарда кандай сезимдер болду?
— Чынын айтсам, көп деле толкундоолор, беттеш учурунда да көп кыйынчылык болгон жок. Анткени аутсайдер (жадыбалда акыркы саптагылар) командалар менен кез келген оюндарга чыктым. Машыктыруучу тажрыйба топтосун деп мага мүмкүнчүлүк берип жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

— Курамда негизги дарбазачы болуу оңойго турбаса керек?
— Ооба, бул кыйын. Башка командага келгенде адегенде өзүңдүн мыктылыгыңды көрсөтүп, ишенимге кирүү керек. Бул үчүн талыкпаган машыгуу, белгилүү бир убакыт талап кылынат.
— Командалаш кыздар менен бат эле тил табышып алгандырсыз?..
— Мен буга чейин да Казакстанда ойногом. Чет жакка чыгууда тажрыйбам бар. Ошондуктан азыркы жамаатка да бат эле көнүп кеттим. Командада баары колдоп, кеп-кеңештерин берип келишет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🌊 (@tlnv_1)

— Клубга кошулгандан кийин бир топ убакыт оюнга чыкпай жүрдүңүз окшойт?
— Командада өзүңдүн ордуңду табуу карьера үчүн маанилүү. Жаңы келгенде машыгып жатып булчуңум чоюлуп кетип, жеңил жаракат алып калгам. Толук сакайганча машыгууга да, ойноого да болбойт деп дарыгерлер көрсөтмө беришкен.
— Айчүрөк, негизи бул командага кантип келип калдыңыз? Тандооңузга эмне себеп болду?
— Келишим сунуштап чакырышты. Казакстандын Астана шаарынын командасынан чакыруу болуп, анын шарттарын карап, макулдук бергени жаткан жерден Беларустан байланышка чыгышты. Жагдайдын баарын түшүндүрүп, ата-энем менен кеңештим. Алар "Неманга" бар деп кеңеш беришти. Ошентип бул жакты тандадым.
Негизи мен мурда да "Неман" клубунун кароосуна келгем. Машыгуу учурунда колумду чыгарып алгам. Келишим жоктугунан Кыргызстанга барып дарыланууга туура келген. Кийин пандемия болуп кетти. "Немандын" машыктыруучусу ошол мезгилде да мени менен такай байланышта болуп жүрдү. Эми дагы чакырып, келишим түздүк.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🌊 (@tlnv_1)

— Демек, сиз менен клубдун ортосунда буга чейин эле байланыштар болгон экен да. Алар сиздин оюнга, командага барышыңызга кантип кызыкдар болуп калганын айтыштыбы?
— Мени биринчи машыктыруучум футболдук агентке сунуштаган. Кийин мен аларга оюндарымдын видеосун жибергем. Ошентип башталган...
Буга чейин мен Казакстандын "СДЮШОР-8" деген командасында ойногом. Кыргызстандын курама командасынын дарбазасын коргоп жүргөнүмдө оюндарыма назар салышса керек... Өзбекстандын бир катар командалары да чакырышты. Ата-энемден алыс кетпейин деп алардан баш тарткам.
— Келишим канча мөөнөткө түзүлдү, шарты кандай?
— Эки жылга түзүлдү. Эми бул жакта эки сезон ойнойм. Тараптар өз шарттарыбызды белгилеп, макулдашуу болгон. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🌊 (@tlnv_1)

— Футболго кантип кызыгып калдыңыз эле?
— Менден кичүү сиңдим футболго катышчу. Аны стадионго узатып барып-келип жүрүп эле мен да кызыгып калдым. Кийин бир мелдештерине кошуп алып, мен аларга дарбазачы болуп бергем. Ошондон баштап мени чакырышып, суранып жүрүп дарбазачы кылып алышкан.
Кийин Светлана Покачалова аттуу машыктыруучу улам чакырып, анан дарбазачы болуп кеттим. Башында машыгууга келгим келбей жүргөм. Эрежелерди деле жакшы билчү эмесмин, кийин акырындап көнүп, кызыгып кеттим.
— Дарбазачы болуунун рахматына караганда наалаты көп эмеспи, анткени он мыкты соккуну тосуп, бир топ киргизип алсаң сындын астында каласың?
— Ооба, ал туура. Бирок дарбазачы болуу да өзүнчө жөндөмдү талап кылат. Анын жакшылыгы, терс жактары боюнча айтсаң сөз көп. Кызыгына кирип алсаң, чыга албай каласың (күлүп).
— Дарбазачы болуп туруп расмий оюндарда гол киргизген учурларыңыз болду беле?
— Жок. Андай учур машыгуулардагы оюндарда эле болбосо, расмий беттештерде дарбазаны таштап, андай тобокелчиликтерге бара элекмин. Негизи, айрым учурларда чабуулчулар чабалдык кылганда бара калып гол киргизгиң келип кетет (күлүп).

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🌊 (@tlnv_1)

— Дарбазачы болуу үчүн спортчу кандай сапат, артыкчылыктарга ээ болушу керек?
— Топту тосууда эң оболу шамдагайлык талап кылынат. Ыкчам секирүү, келе жаткан топтун багытын, ылдамдыгын туура аныктай билүү зарыл.
— Сиз үчүн кандай соккуларды тосуу кыйын?
— Жакындан тебилген, баш менен багытталган соккуларды тосуу кыйын. Биринчиден, сокку кыска аралыктан болот. Экинчиден, анын багытын табуу кыйын.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🌊 (@tlnv_1)

Жаңылыктар түрмөгү
0