https://sputnik.kg/20210706/kyrgyzcha-tak-suyloo-dima-sotstarmaktar-populyarduuluk-video-1053120995.html
Кыргызча суудай билген Дима соцтармактарда жылдызга айланды. Видео
Кыргызча суудай билген Дима соцтармактарда жылдызга айланды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Токмоктук Дима аттуу блогердин TikTok аккаунт ачканына аз эле убакыт болду. Азыр анын айрым роликтери тездик менен жайылып жатат. Жаш жигит кыргыз тилинде таза... 06.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-06T14:48+0600
2021-07-06T14:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
видео
мультимедиа
кыргыз тили
tiktok
ролик
https://sputnik.kg/img/07e5/07/06/1053121148_5:-1:1915:1080_1920x0_80_0_0_3cc8db8e8bc7c5193de9fa6782264885.jpg
Токмоктук жигит кыргызчаны достору жана кошуналарынан үйрөнгөн. Ал тилди кантип үйрөнүп алганын өзү да байкабай калганын айтып берген.Досторунун кеңеши менен бул жигит TikTok аккаунт ачкан. Ал кыргыз тилинде ирониялуу кыскача видеолорду жарыялап, жашоо-турмуш тууралуу баяндап турат. Катталуучулары менен сүйлөшөт. Учурда анын роликтери 140 миңге чукул лайк чогулткан. Жакында эле блогор кыргызча ыр жазган. Ал роликтерди "хайп үчүн эмес", элдин маанайын көтөрүү үчүн тартаарын белгилейт.
https://sputnik.kg/20200923/bishkek-mehrinin-orun-basary-kyrgyzcha-kuttuktady-1049706638.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/06/1053121148_101:-1:1819:1080_1920x0_80_0_0_a3690784a5e99b7f4e846748af295100.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, видео, мультимедиа, кыргыз тили, tiktok, ролик
жаңылыктар, коом, кыргызстан, видео, мультимедиа, кыргыз тили, tiktok, ролик
Кыргызча суудай билген Дима соцтармактарда жылдызга айланды. Видео
14:48 06.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Токмоктук Дима аттуу блогердин TikTok аккаунт ачканына аз эле убакыт болду. Азыр анын айрым роликтери тездик менен жайылып жатат. Жаш жигит кыргыз тилинде таза сүйлөп, аны видеолорунда пайдаланат. Тилди билгени биздин каарманды мүшкүлдөн да сактап калган.
Токмоктук жигит кыргызчаны достору жана кошуналарынан үйрөнгөн. Ал тилди кантип үйрөнүп алганын өзү да байкабай калганын айтып берген.
"Төрт жашымда Калмырза деген досум бар болчу. Аны ата-энеси Коля деп койчу. Ал адегенде мага кыргызча сүйлөсө мен ага орусча сүйлөчүмүн. Кийин мен өзүм кантип кыргызча сүйлөп кеткенимди байкабай калдым… Тил билгеним мага пайдасын абдан көп тийгизет", — деген Дима.
Досторунун кеңеши менен бул жигит TikTok аккаунт ачкан. Ал кыргыз тилинде ирониялуу кыскача видеолорду жарыялап, жашоо-турмуш тууралуу баяндап турат. Катталуучулары менен сүйлөшөт. Учурда анын роликтери 140 миңге чукул лайк чогулткан.
Жакында эле блогор кыргызча ыр жазган. Ал роликтерди "хайп үчүн эмес", элдин маанайын көтөрүү үчүн тартаарын белгилейт.