Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТыйындар. Архив
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандын коллекциялык монеталары 1995-жылдан бери чыгарылып келет. Улуттук банк эстелик тыйындарды чыгаруу менен нумизматика рыногунун түптөлүшүнө жол салган.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы келерки жылы 8 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
"Кыргыз жөрөлгөлөрү жана салт-санаалары" сериясында "тушоо кесүү" аталышында 6 миң монета жарык көрөт. Анын ичинен миңи күмүш, калганы жез-никелден куюлат.
Ал эми "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясында эки аталыштагы монеталар чыгат. Бири — "Кашгар бөрү карагаты", экинчиси — "Суусар". Экөө тең бир миң даанадан жарык көрөт.
925 үлгүсүндөгү күмүш монеталар 10 сом номиналында болсо, жез-никель монеталар 1 сомдук катары жасалат.
Жаңылыктар түрмөгү
0