Учпагандар кирбейт! Кыргызстандын аэропортторунда чектөөлөр күчөтүлдү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАэропортто жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерүү. Архив
Аэропортто жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
24-июндан тарта аэропортторго учпагандар кире албайт. Мындай чечим эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынды.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Манас, "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун ичинде узатып, тосуп алгандарга кирүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынды. Эреже 24-июндан тарта иштей баштайт. Жүргүнчүлөрдү аэровокзал комплекстерине киргизүү авиабилет менен жүргүзүлөт.
Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0