Эртең Бишкектин 13 көчөсүндө жарык болбойт. График

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖанып турган шам. Архив
Жанып турган шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Пландык иштерден улам борбор калаанын айрым көчөлөрү менен жаңы конуштарында электр өчүрүлмөй болду.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте 22-июнь күнү 13 көчөдө жарык өчүрүлө турганын "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Бул күнү мекеменин жумушчулары трансформаторлорду оңдоп, бактарды бутап, жабдууларды ремонттойт.
График:
  • 9.00дөн 17.00гө чейин — №10 кичи район (№21 үй);
  • 9.00дөн 18.00гө чейин — Самойленко, Центральный, Выставочный, Чыгыш, Мостовая, Абдрахманов, Волкова, Кустанай, Токтоналиев көчөлөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү. Ушул эле маалда Ак-Ордо (Каркыра, Алтын-Байрак, Акак), Киргизия-1 жана Киргизия-2 конуштары менен Чоң-Арык айылында да жарык болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0