Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлгө түшүп жаткан адамдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болуп, жаан-чачын айлык көлөмүнөн ашпайт.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет июль айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы - Sputnik Кыргызстан
1/2
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү
 - Sputnik Кыргызстан
2/2
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү
1/2
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы
2/2
2021-жылдын июль айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 19…24 градуска чейин жылыйт. Күндүз бул көрсөткүч 25…30дан 34…39 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлүүдө.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градус жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 20…25тен 27…32 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (18-23 мм, тоо этектеринде 50-62 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 21…23 градус жылуу болору божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 15…20 градуска чейин жылыйт. Күндүз 24…29дан 32…37 градуска чейин ысык болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлүүдө (16-20 мм).

Ош облусу

Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Кээ бир жерге кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 25…27 градуска, тоо этектеринде 22…24 градуска жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысыйт.
Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 15…20 градуска чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (9-12 мм, тоо этектеринде 26-28 мм).

Жалал-Абад

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 25…27 градус, тоо этектеринде 22…24 градуска чейин ысык болору күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18ден 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысышы күтүлүп жатат.
Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 15…20 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 31…36 градуска чейин ысык болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын (13-15 мм, тоо этектериндеги райондордо 60-71 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 25…27 градус, тоо этектеринде 22…24 градус ысык болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18ден 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүп жатат (15-17 мм, тоо этектеринде 22-24 мм).

Ысык-Көл облусу

Бишкек ТЭЦинин кызматкрелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 18…20 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +10…+15 градустун тегерегинде болуп, күндүз 18…23төн 27…32 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору божомолдонууда (30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 18…20 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 11…16 градуска чейин, күндүз 19…24төн 29…34 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (24-41 мм).
Жаңылыктар түрмөгү
0