Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалып, шериктери изделүүдө

© AFP / PHILIPPE HUGUENКармалган киши кишенчен. Архив
Кармалган киши кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Шектүү диний-экстремисттик уюмдун аудио-видео материалдарын жана атрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
© Фото / пресс-служба МВД КРКара-Суу районунда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
Задержание подозреваемого в членстве в религиозной экстремистской организации Хизб ут-Тахрир  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кара-Суу районунда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
16-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун 23 жаштагы Г.А. аттуу тургунун кармаган.
Экстремист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Максатын билген эмеспиз. Көлдө эки киши диний-экстремисттик агымдан чыкты
Аталган жаран "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун аудио-видео материалдарын жана атрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.
Кылмыш иштин алкагында шектүүнүн шериктерин аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0