Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер

Жазылуу
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты фильмдерди баяндоону улантат. Бул ирет Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер сунушталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.

Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.

Советский фильм Толомуша Океева Поклонись огню (Уркуя) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер
Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:

"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.

Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.

© Sputnik / Александр ФедоровТойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
1/11
Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
© Sputnik / Александр ФедоровОкеев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда - Sputnik Кыргызстан
2/11
Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында - Sputnik Кыргызстан
3/11
Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен - Sputnik Кыргызстан
4/11
Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
© Sputnik / Александр ФедоровОоруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы - Sputnik Кыргызстан
5/11
Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
6/11
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
© Sputnik / Александр Федоров"Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
7/11
"Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
© Sputnik / Александр ФедоровСейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы - Sputnik Кыргызстан
8/11
Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов - Sputnik Кыргызстан
9/11
СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
© Sputnik / Александр ФедоровТөлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
10/11
Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
© Sputnik / Александр ФедоровМурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө - Sputnik Кыргызстан
11/11
Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Жаңылыктар түрмөгү
0