https://sputnik.kg/20210610/tushtuk-okean-taanuu-national-geographic-duynoluk-karta-1052801292.html
National Geographic жер жүзүндө бешинчи океан бар экенин расмий тааныды
National Geographic жер жүзүндө бешинчи океан бар экенин расмий тааныды
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин илимий коомчулук дүйнөдө төрт: Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны бар экенин белгилеп келген. 10.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-10T12:18+0600
2021-06-10T12:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
океан
ачылыш
карта
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052800556_0:34:2041:1189_1920x0_80_0_0_2910f0df1bd02934e08927d80e0cf5e3.jpg
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. National Geographic илимий жана билим берүү журналы Жер планетасында бешинчи, Түштүк деп аталган океан бар экенин айтып чыкты. Бул тууралуу маалымат басылманын расмий сайтына жарыяланды.Аталган журнал 1915-жылдан тарта карта чыгарып келет, анда дайыма Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны белгиленет. Илимий коомчулук да буга чейин төрт океан бар экенин таанып келишкен. Картографтар Антарктиданы курчап турган суулар өзгөчөлүктөргө ээ экендигин жана алар бул сууларды өзүнчө океанга бөлүп кароого мүмкүндүк берерин аныкташкан.Материалда такталгандай, географтар коомчулугунда бешинчи океанды аныктоо маселеси көптөн бери айтылып келген, анткени аны көпчүлүк Тынч, Атлантика жана Индия океандарынын уландысы катары тааныган. Эми "Түштүк океан" деген термин Атлантика океанынын түштүк бөлүгүнө таандык болгон Дрейк өтмөгү жана Скотия деңизинен тышкары, түштүк кеңдиктин 60 градусуна чейин созулган Антарктиданы курчаган сууларды камтыйт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0a/1052800556_0:0:1891:1189_1920x0_80_0_0_ac70b3a22b956159f5857df62ae22efd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, океан, ачылыш, карта
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, океан, ачылыш, карта
National Geographic жер жүзүндө бешинчи океан бар экенин расмий тааныды
12:18 10.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин илимий коомчулук дүйнөдө төрт: Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны бар экенин белгилеп келген.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. National Geographic илимий жана билим берүү журналы Жер планетасында бешинчи, Түштүк деп аталган океан бар экенин айтып чыкты. Бул тууралуу маалымат басылманын
расмий сайтына жарыяланды.
Аталган журнал 1915-жылдан тарта карта чыгарып келет, анда дайыма Атлантика, Тынч, Индия жана Түндүк муз океаны белгиленет. Илимий коомчулук да буга чейин төрт океан бар экенин таанып келишкен.
Картографтар Антарктиданы курчап турган суулар өзгөчөлүктөргө ээ экендигин жана алар бул сууларды өзүнчө океанга бөлүп кароого мүмкүндүк берерин аныкташкан.
Материалда такталгандай, географтар коомчулугунда бешинчи океанды аныктоо маселеси көптөн бери айтылып келген, анткени аны көпчүлүк Тынч, Атлантика жана Индия океандарынын уландысы катары тааныган.
"Түштүк океаны илимпоздор тарабынан илгери эле таанылып келген. Деген менен эл аралык деңгээлде таанылбагандыктан, аны биз расмий айта алган эмеспиз", — деген Улуттук географиялык коомунун географы Алекс Тейт.
Эми "Түштүк океан" деген термин Атлантика океанынын түштүк бөлүгүнө таандык болгон Дрейк өтмөгү жана Скотия деңизинен тышкары, түштүк кеңдиктин 60 градусуна чейин созулган Антарктиданы курчаган сууларды камтыйт.