https://sputnik.kg/20210530/kyrgyzstanda-zherdin-abalyn-sputnikten-kozomoldoo-1052658093.html
Кыргызстан эми жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөй алат
Кыргызстан эми жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөй алат
Sputnik Кыргызстан
Бийлик спутник аркылуу байкоо жүргүзүү менен жердин абалын изилдеп, тенденцияларын көрүп, керектүү чараларды аткара алары белгиленди. 30.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-30T09:13+0600
2021-05-30T09:13+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
суу чарба жана мелиорация департаменти
жер
спутник
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1d/1052658108_0:122:1200:800_1920x0_80_0_0_a6b0e001d68f5a48fc855b4c0bfb4b6e.jpg
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын дыйкандары, чабандары жана мамлекеттик органдары жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.Ага ылайык, Кыргыз кубунун сервердик жабдуулары менен программасы Бишкектеги борбор азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтуна гранттык негизде берилди. Ал Улуу Британия өкмөтүнүн гуманитардык жардамы Мерсико уюмунун SIBELIUs Kyrgyzstan долбоорунун алкагында берилди. Министрлик долбоордун өкүлдөрүнө таянуу менен бул технологиялык чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.Кубдун программалык камсыздоосунун жардамы менен спутниктик сүрөттөр санариптик жана визуалдык маалыматтарга айландырылары кошумчаланды.Борбордук азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту коммерциялык эмес илимий мекеме экени белгиленет. Ал кыргыз өкмөтү жана Германиянын Потсдам шаарындагы Жерди изилдөө борбору тарабынан негизделген. Институт табигый кырсык коркунучтарын азайтуу, суу ресурстарын башкаруу жана Борбор Азиядагы глобалдык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
https://sputnik.kg/20210428/ayyl-charba-ministrligi-kiyinki-muun-suu-tankystyk-koygoy-1052287480.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1d/1052658108_0:46:1200:800_1920x0_80_0_0_c924b245f600a678964d5c4cb2901995.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, суу чарба жана мелиорация департаменти, жер, спутник
жаңылыктар, коом, кыргызстан, суу чарба жана мелиорация департаменти, жер, спутник
Кыргызстан эми жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөй алат
09:13 30.05.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Бийлик спутник аркылуу байкоо жүргүзүү менен жердин абалын изилдеп, тенденцияларын көрүп, керектүү чараларды аткара алары белгиленди.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын дыйкандары, чабандары жана мамлекеттик органдары жердин абалын спутник аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, Кыргыз кубунун сервердик жабдуулары менен программасы Бишкектеги борбор азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтуна гранттык негизде берилди. Ал Улуу Британия өкмөтүнүн гуманитардык жардамы Мерсико уюмунун SIBELIUs Kyrgyzstan долбоорунун алкагында берилди.
"Кыргыз маалымат кубу спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу жайыттардын абалы, кардын запасы, температура жана кургакчылык жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары Айыл чарба министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар спутниктик байкоо жүргүзүү менен жердин абалын изилдеп, тенденцияларын көрүп, керектүү чараларды көрө алышат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик долбоордун өкүлдөрүнө таянуу менен бул технологиялык чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
"Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагында иш жүргүзөт. Климаттын өзгөрүшүнөн өлкөдө сугат суунун жетишсиздиги жана кургакчылык байкалууда. Бул көйгөй жайыттардын деградациясына алып келет. Кыргыз маалымат кубунда акыркы 5-10 жылдагы Кыргызстан жөнүндө маалыматтар жана спутниктик сүрөттөрдүн архиви сакталган. Ошондой эле куб күн сайын жаңы маалыматтар менен толукталып турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кубдун программалык камсыздоосунун жардамы менен спутниктик сүрөттөр санариптик жана визуалдык маалыматтарга айландырылары кошумчаланды.
Борбордук азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту коммерциялык эмес илимий мекеме экени белгиленет. Ал кыргыз өкмөтү жана Германиянын Потсдам шаарындагы Жерди изилдөө борбору тарабынан негизделген. Институт табигый кырсык коркунучтарын азайтуу, суу ресурстарын башкаруу жана Борбор Азиядагы глобалдык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча илимий жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.