Атамды үйлөнтүүнү ойлоп жүрөм, бирок балалуу болушун каалабайм. Кыздын каты

© Sputnik / Эмиль СадыровЖизнь в селе Энильчек Иссык-Кульской области
Жизнь в селе Энильчек Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жалгыз жашаган атасын үйлөнтүү маселеси түйшөлтүп жаткан кыз кат жазды.
Саламатсыздарбы, биздин апабыз алты жыл мурун оорудан улам өтүп кеткен. Биз үч бир тууганбыз. Мен үйдүн улуусумун, жашым 25те. Турмушка чыгып, балалуу болгом. Атам туугандарымды чогултуп, татынакай той кылып өз колу менен турмушка узаткан. Инилерим үйлөнө элек, менден кийинки 23 жаштагы иним Москвада иштейт, андан кийинки 18 жаштагы иним Бишкекте окуйт.
Кимоно кийген кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Бир тепсем жатып калган. Күйөөсүн таарынтып алган дзюдочу келиндин каты
Атабыз болсо 47 жашта, айылда турат. Апам көз жумгандан бери балдарын карап, окутуп, үйлөнгөн жок. Баарыбыз борборго кетип, атам үйдө жалгыз калды. Жакшы тамак ичсем, той-кечеде жүрсөм деле атамды ойлой берем. Сырттын оокаты менен алектенип, үйгө кирип тамак жасап кыйналып кетсе керек. Чалып ал-акыбалын сурап турам, баары жакшы деп сыр бербейт. Апам барда атам аябай шайдоот жүрчү. Азыр байкасам унчукпай эле короодо жумуш кылып жүрө берет. Апам абдан жоош, созулган аял болчу. Апамды эстеп отуруп ыйлап алам, айлам жок...
Атамды үйлөнтсөк деп ойлонуп жүргөнүмө бир жыл болду. Инилериме айтсам унчугушпайт. Өз алдымча апа издесемби деп ойлогонум менен толук бир чечимге келе албай жатам. Атама айтыштан уялам. Мүмкүн көңүлүндө бирөөсү бардыр же ал дагы балдарына ачылып айта албай жүрбөсүн. Атама кантип сөздүн башын чыгарып, оюмду кантип билдиреримди билбей жатам. Ал кишинин да оюн угуп, баарын ачык эле сүйлөшкүм келет.
Бирок атамдын башка аялдан балалуу болушун каалабайм. Анткени бизди  унутуп, бир туугандарым өгөйлөнүп калабы деп корком. Атамды кызганбайм деле, бирок эркек киши баары бир кабыргасы менен кеңешет да. Бир жагынан жаңы апабызга жакпай калсак атамдын бизге мамилеси өзгөрүп кетпейби деп да кооптоном. Бирок баары бир үйлөнүшү керек, ал кишинин да жеке жашоосу бар дегендей. Ушунун баарын айтып сүйлөшкүм келет. Же кызы катары оюмду айтканым туура болбой калабы? Сөздү эмнеден баштаарымды да билбейм. Турмушу ойдогудай болбой калса инилеримден жеме угуп калбаймынбы? Ушундай түбү жок, башаламан ойлорума чекит коюп психологдун да пикирин уккум келет.
Гүлнара Жасоолова, психолог: 
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Өзүн баалабаган адам өмүрлүк жарын да бактысыз кылат. Адистин түшүндүрмөсү
— Ата-эне "баласын менин балам" деп кабыл алса эмоционалдык байланыш, мамиле өмүр бою сакталат. Апаны жоготуу бала үчүн кыйын. Үйгө башка аялзаты келсе дагы бала аны өз энесиндей кабыл ала албайт. Эгер сиз чындап эле атаңыздын тагдырына бушайман болуп, боорукердик сезим менен "атам жалгыз калбаса экен" деп жатсаңыз, бул өтө жакшы. Атаңыз 47 эле жашта экен. Алгач ал киши менен коркпой эле ачык сүйлөшүңүз деген кеңешимди берет элем. Мүмкүн анын өзүнүн көңүлүндөгү бирөө бардыр. Же ал дагы силерге оюн ачык айта албай жүргөндүр. "Жаңылышып калсам, инилерим жаман көрөт" деген негативдүү ойлордон алыс болуп, алар менен да ачык сүйлөшүңүз. Бул маселени үй-бүлөңүз менен чогуу талкуулап алганыңар жакшы. Атаңар жаш эле экен, балким, экинчи турмушунан балалуу болуп калар. Башка үй-бүлө күтсө, балалуу болсо бизди унутуп калат го деп коркпоңуз. Анда жөнү жок кызганган болуп каласыз. Сиз башкысы атаңыздын да жашоосуна кам көрүп жатпайсызбы. Анан өз алдыңызча "апа" издебей, биринчи атаңыздын оюн билиңиз. Негизгиси негатив ойлордон алыс болуп, жакшы ниет менен аракет кылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0