Төлөмүш Океевдин бюсту өзү окуган Санкт-Петербургдагы окуу жайга орнотулат

© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, режиссер Төлөмүш Океев. Архив
СССРдин эл артисти, режиссер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул иш бир нече жыл жыл мурда демилгеленип, бирок пандемиядан улам кечигип жаткан.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы өзү окуган окуу жайга СССРдин эл артисти, чыгаан режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту коюлат. Бул тууралуу бюстту орнотууну демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.
Анын айтымында, 25-май күнү иш-чарага катышуу үчүн бир нече депутат, режиссердун туугандары, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз жана Кино департаментинин жетекчилиги аталган шаарга жөнөп кетет.
"Бюсттун ачылышы 27-май күнү режиссер билим алган Санкт-Петербург мамлекеттик кино жана телевидение институтунда болмокчу. Кыргызстандан барган делегациядан тышкары ага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана окуу жайдын ректору Александр Евменов катышат. "Кыргыз кереметинин" символу болгон Төлөмүш Океевдин өзү окуган айтылуу окуу жайда бюсту коюлуп жатканы биз үчүн сыймык", — деди эл өкүлү.
Кинорежиссёр, сценарист Төлөгөн Сыдыков, даректүү тасмалардын режиссёру Үсөн Дүйшөнбеков жана белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1981-жылы Чүй облусунун Чоң-Таш айылында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Чокморовду кастарлаган киночулар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт
Иманалиевдин айтымында, бул иш бир нече жыл жыл мурда демилгеленип, бирок пандемиядан улам кечигип жаткан. Бюстту орнотууга ЖК спикеринин фонду, мурдагы депутат Садык Шер-Нияз жана азыркы эл өкүлдөрү Самат Ибраев, Бактыбек Турусбеков, Абдыбек Дүйшалиев финансылык колдоо көрсөткөн.
Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0