https://sputnik.kg/20210523/ken-kazuu-ishterine-investiciya-tartuu-1052582542.html
Шыкмаматов: алтын казууга берилген 250 лицензия мөөнөтү бүткөндө кайтарылат
Шыкмаматов: алтын казууга берилген 250 лицензия мөөнөтү бүткөндө кайтарылат
Sputnik Кыргызстан
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов инвестор менен иштешүүдө жергиликтүү калктын пикирин эске алуу мыйзамга киргизилиши... 23.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-23T11:26+0600
2021-05-23T11:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
кыргызстан
экономика
алмамбет шыкмаматов
инвестициялар
кен
лицензия
https://sputnik.kg/img/104125/13/1041251364_0:161:5200:3101_1920x0_80_0_0_dcfe2f48e1d56104afb89e3136c1e476.jpg
Шыкмаматов: алтын казууга берилген 250 лицензия мөөнөтү бүткөндө кайтарылат
Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: алтын казууга берилген 250 лицензия мөөнөтү бүткөндө кайтарылат
Алтын казууга 250 лицензия берилген, алардын мөөнөтү бүтсө баары кайтарылат. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда лицензия алгандардын ичинен 10 чактысы гана кен казуу менен алектенүүдө.Ошондой эле ал жалпы журт шайлоолордо акчага алданбай татыктууларды шайлап берсе сапаттуу мыйзамдар жазыларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104125/13/1041251364_0:0:5200:3267_1920x0_80_0_0_b9f1950a24ef63d9605cbe9a2684e1d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, алмамбет шыкмаматов, инвестициялар, кен, лицензия
кыргызстан, экономика, алмамбет шыкмаматов, инвестициялар, кен, лицензия
Шыкмаматов: алтын казууга берилген 250 лицензия мөөнөтү бүткөндө кайтарылат
11:26 23.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов инвестор менен иштешүүдө жергиликтүү калктын пикирин эске алуу мыйзамга киргизилиши керектигин белгиледи.
Алтын казууга 250 лицензия берилген, алардын мөөнөтү бүтсө баары кайтарылат. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда лицензия алгандардын ичинен 10 чактысы гана кен казуу менен алектенүүдө.
"Убагында кен тармагын иштетүү үчүн лицензияны туура эмес алып алгандар болгон. Бирок аларда күнөө жок, анткени тишелүү мамлекеттик органдар берген. Бул жерден инвестор эле жабыр тартып калууда. Ошондуктан мыйзамдарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Учурда алтын казуу боюнча лицензия берүүгө мораторий киргизилген. Буга чейин кен казууга 250 лицензия берилиптир. Анын баары кайтарылат. Анткени алардын мөөнөтү бүтөт. Ошол 250 лицензияны алгандардын ичинен 10 чактысы гана кен казуу менен алектенүүдө. Калгандары элден кооптонуп турат. Анткени алар иштетпей кууп жибериши ыктымал. Ошол лицензиялардын мөөнөтү бүтүп кайтарылган соң аларды урпактар иштетет же жергиликтүү элдин макулдугу менен иштей турган мыйзамдар жазылышы зарыл. Мыйзамга жазылып, ал так аткарылып турса, ошого дагы эл эртели-кеч көнөт", — деди Шыкмаматов.
Ошондой эле ал жалпы журт шайлоолордо акчага алданбай татыктууларды шайлап берсе сапаттуу мыйзамдар жазыларын кошумчалады.