Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы фонтандар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы фонтандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
16-майга караган түнү кээ бир аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-май, жекшембиде, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарында +15...+20 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +26...+31 градуска чейин көтөрүлөрү маалымдалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0