Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Экономист: бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаЭл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоо зарыл экенин белгиледи.
Бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтүшү ыктымал. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Экономист: бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтөт
Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бааларды тескөөдөн башка жолдорду колдонуу зарыл.
"Пандемияга байланыштуу экономикалык көрсөткүчтөр абдан төмөндөп кетти. Алсак, былтыр ИДП 8,5 пайызга төмөндөсө, быйылкы жылдын биринчи кварталында тогуз пайыздан ашты. Жумушсуздук жогорулап, жакырчылык өсүүдө. Дүйнөлүк банк, эл аралык уюмдардын божомолдору дагы көңүл жубатарлык эмес. Ошондуктан тышкы соода алаканы жакшыртуу зарыл. Импорттук товарларды алып келүүнү жеңилдетүү, капиталдын көлөмүн жогорулатуу максаты турат. 5-майда президент өз кайрылуусунда жеке менчиктин корголуусу, укук коргоо органдарынын реформасын жүргүзүү жана башка ишкерликти колдоо боюнча маселелерге токтолду. Ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Бул багытта этияттык зарыл. Бааны мамлекеттик көзөмөлдөөгө алуу менен көмүскө экономиканы жогорулатып алуу кооптуулугу бар. Себеби бааларды тескөөгө алып, иш атаандаштыктын негизинде жүрбөсө, рынок көмүскөгө кирип кетет. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоого алуу зарыл. Ал үчүн салыктык жеңилдиктерди берип, аткезчиликти токтотуш керек. Ошондой эле бизнести жөнгө салуучу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү шарт. Ошондо гана экономиканы өстүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт", — деди Сыдыков.
Мунун менен бирге ал IT тармагын камтыган креативдүү экономиканы колго алуу менен жакшы натыйжага жетишсе боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0