Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин эски аянтында Айт намазы. Архив
Бишкектин эски аянтында Айт намазы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
13-майга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +23…+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0