Тарых музейинин чет элдик компанияга канча карызы бар экени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тарых музейи. Архив
Мамлекеттик тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Тарых музейине экспонаттарды коюп, электрондук башкарууга өткөргөн германиялык компанияга акы төлөнө электигине байланыштуу маданий жай ачылбай жатканы айтылды.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин германиялык Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Аталган сумма төлөнгөндөн кийин гана маданий жай иштеп баштайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөргөн көчмө жыйында айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында баяндама жасаган министр карыз качан төлөнөрүн айткан эмес.
"Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда", — деген министр.
Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү жана музей ушул жылдын 31-августунда ишке кириши керектигин белгилеп өтүшкөн.
Буга чейин маданий жайдын жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берип, музей сот иштерине жана карызга байланыштуу ачылбай жатканын айткан.

Реконструкцияланган тарых музейинин таржымалы

Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2018
Тарых музейи качан ачылат? Чубактын кунундай чубалган реконструкция

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда 2018-жылдын май айында ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган. Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоо жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн.

Дал ошол сот иштери али күнгө чейин аягына чыга элек. Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот жакында эле Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Музей жетекчиси сот иштеринен сырткары маданий жайдын ачылбай жаткандыгына башкы буюртмачы менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси да себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин айткан.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Мамлекеттик ички карыздын рекорду: сумма үч жылда эки эсеге өсүп кетти
Анда музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Белгилей кетсек, маданий жайдын ичине жалаң мультимедиалык жабдуулар коюлган.
Бирок карызды ким төлөөрү белгисиз. Мамкурулуш агенттиги жоопкерчиликти аткаруучу компания болгон СМУ-3кө жүктөгөн. Ал компания да жоопкерчиликти мойнуна алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0