Москвада "Георгий тасмасы" акциясы башталды

© Sputnik / Илья Аверьянов / Медиабанкка өтүүГеоргий лентасы. Архив
Георгий лентасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев бул күндөрү ата-бабалардын адамзатты фашизмден куткарган эрдигин дүйнөгө эскертип коюу зарылдыгын айткан.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Москвадагы Зубов бульварында жыл сайын өтүүчү "Георгий тасмасы" акциясы башталып, ыктыярчылар тарыхый жеңиштин символун "Россия сегодня" медиатобунун штаб-квартирасында таратты. Бул иш-чара элдик мүнөзгө өтүп, салт болуп калгандыктан, 2005-жылдан бери уланып келе жатат.
16 жылдан бери келе жаткан бул акция Россиянын бардык аймактарында 27-апрелден 9-майга чейин онлайн-форматта өтмөкчү. Иш-чарага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да кошула турган болушту.
Президент РФ В. Путин принял участие в онлайн-заседании Совета глав государств СНГ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Путин КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазы болду
"Георгий тасмасы – 2021" акциясы Москвадагы "Россия сегодня" мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйын менен башталды. Ага "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев, орун басары Наталья Лосева, Россотрудничество агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Шевцов, "Россиянын өлбөс полку" деп аталган жалпы россиялык коомдук кыймылдын борбордук штабынын теңтөрагасы Сергей Макаров, Жаштар боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин орун басары Павел Абрамов жана "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймылдын жетекчиси Ольга Амельченкова катышты.
Маалымат жыйын учурунда Георгий тасмаларынын символикалык саны Россотрудничествонун, "Жеңиш ыктыярчыларынын", "Россиянын өлбөс полкунун" 24-июндагы жүрүшкө катыша турган өкүлдөрү үчүн берилди.
Киселев бул күндөрү ата-бабалардын адамзатты фашизмден куткарган эрдигин дүйнөгө эскертип коюу зарылдыгын айткан.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев
Пресс-конференция, посвященная началу акции Георгиевская ленточка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев
"Совет элинин Жеңишинин улуу тарыхын башкача кылып өзгөртүп жазууга жана башкача кылып көрсөтүүгө аракет кылып жаткан бүгүнкү күндөрү адамзатты үрөй учурган фашизмден куткаргандардын эч нерсеге салыштыргыс эрдигин дүйнө жүзүндөгүлөрдүн эсине дагы бир ирет салып коюу абдан маанилүү. Георгий тасмасы россиялыктардын бардык мууну үчүн ыйык символ, аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын элеси менен эрдигине жасалган урмат-сый", — деген Киселев.
Ал эми орун басары Наталья Лосева "Георгий тасмасы" акциясы агенттикте түптөлүп жана элдик мүнөзгө өтүп, Улуу Жеңишти майрамдоонун ажырагыс бөлүгү болуп калганына токтолду.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПресс-конференция, посвященная началу акции "Георгиевская ленточка"
Пресс-конференция, посвященная началу акции Георгиевская ленточка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Пресс-конференция, посвященная началу акции "Георгиевская ленточка"
"Анын ар дайым адамды толкунданткан жана ошону менен бирге эле биздин элдин эрдигин даңазалоонун, өзүн курмандыкка чалуунун, каармандыктан тарыхый символ болуп калганы өтө маанилүү, муну менен бирге эле өтө жагымдуу. Биринчи күндөн тарта эле акциянын слоганы "Эсимде! Сыймыктанам!" деген сөз болду. Бул сөздөр Улуу жеңиштен кийин жашагандар үчүн да дем берип кала берсин", — деди ал.
Маалымат жыйында аны менен катар эле "Россия сегодня" медиатобунун визуалдык долбоорлорунун кызматы даярдаган "Жеңиштин эстелиги. Түбөлүккө сактайлы" деп аталган фотокитептин бет ачары болду. Басылма талаа планшети катары жасалып, ага "Россия сегодня" медиатобунун башаты болгон Советтик информбюро кызматынын архивдик сүрөттөрү пайдаланылган. Айтмакчы, жакында эле Советтик информбюронун 80 жылдыгы белгиленген.
Китепке Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы майдандын жана советтик ооруктун ирмемдери түшүрүлгөн. Андан сырткары, советтик фотографиянын даңктуу мектебин калыптандырган аскердик фотокабарчылардын иш күндөрү тууралуу кенен маалымат алууга болот.
Президент Садыр Жапаров Эскерүү багы акциясынын алкагында көчөт отургузду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарынын элесине арнап бак отургузду
Маалымат жыйындын башталышына чейин маалымат борбордун коноктору РИА Новостинин "Туу көтөргөн белгисиз жоокер" ("Неизвестный знаменосец") деген аталыштагы эмгегинин VR-реконструкция форматында көрүштү. Анда 1945-жылдын 30-апрели менен 1-2-майындагы Рейхстагга туу сайылган окуя, ирмемдер ирети менен баяндалган. РИА Новости менен "Россиянын өлбөс полку" деп аталган жалпы россиялык коомдук кыймылдын борбордук штабынын бул долбоору "Красный квадрат" медиатобунун колдоосу менен жасалган жана аны РИА.Lab тиркемеси менен көрүүгө болот. Аны Google Play – Android жана AppStore - iOS менен табуу мүмкүн.
"Георгий тасмасы" РИА журналисттери тарабынан редакциялык "Биздин жеңиш. Күн артынан күн өтүп" долбоорунун уландысы катары ойлоп табылган. Анда Совинформбюронун табылган жана буга чейин топтолгон архиви санариптештирилген. Согуш жашоосуна таасирин тийгизген жүздөгөн жапжаш улан-кыздардын баяндары чогултулган. Тарыхый ал окуялардын уландысы катары акциянын "Эсимде. Сыймыктанам" деп аталган белгилүү слоганы пайда болгон. Ошол эле жылы демилгени Москва өкмөтү менен "Студенттик жамаат" коомдук уюму колдоп, улантып кеткен. 2014-жылы РИА Новостинин салт болуп калган мыкты демилгелерин улантуучу катары "Россия сегодня" акцияга катышкан. Иш-чара 2015-жылдан тарта энтузиасттардын, Роспатриотборбордун, Россотрудничествонун, "Жеңиш ыктыярчыларынын" күчү жана "Россия сегодня" медиатобунун маалыматтык көмөгү менен өткөрүлүп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0