Кара-Көлдө ИИМдин ички аскери ефрейторду кокусунан атып алды

Аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Жоокер оң колунан жаракат алган. Факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөн жоокер куралын оксуздандыруу учурунда ефрейторду атып алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя бүгүн, 13-апрель күнү, саат 7:58де министрликтин ички аскерлеринин №718 бөлүгүндө болгон. Жоокерлер Токтогул ГЭСин кайтаруу боюнча кароолдун курамында турган.
"Аскер куралын оксуздандырганда ок капысынан башка жоокерге тийип, ал оң колунан жаракат алган. Учурда кызматкер Кара-Көл шаардык аймактык ооруканасында дарыланууда. Абалы туруктуу, ден соолугунда олуттуу коркунуч жок", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0