https://sputnik.kg/20210412/aksh-afroamerikalyk-policiya-bashalamandyk-1052103824.html
АКШда полиция афроамерикалыкты атып салып, башаламандык жаралды. Видео
АКШда полиция афроамерикалыкты атып салып, башаламандык жаралды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Полиция ынды кара кишини жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтоткон. Текшерүү учурунда буга чейин аны камакка алууга ордер берилгени белгилүү болгон. 12.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-12T15:25+0600
2021-04-12T15:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
окуялар
дүйнөдө
америка
полиция
кара
каршылык
акция
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0c/1052102769_0:54:3072:1792_1920x0_80_0_0_b60fb45720af647c9ea471f029ec881f.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Американын Бруклин-Сентер шаарында полициянын ынды кара кишини атып салганы массалык каршылыктарды жаратты. Бул тууралуу The Independent жазды.Маалыматка караганда, тартип сакчылары 20 жаштагы Данте Райтаны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда полиция кызматкерлери буга чейин аны камакка алууга ордер берилгенин аныкташкан.Окуядан кийин кырсык болгон жерге 500гө жакын киши чогулуп, полиция менен жарандар кагылышкан. Натыйжада бир нече күзөт унаасы жарактан чыкканы айтылды. Топтолгондорду таратыш үчүн тартип сакчылары желим окторду колдонушкан.Кечке жуук каршылык акциясы токтоп, жарандар "Даунт Райтка акыйкаттык" деген жазууларды калтырып кетишкен.
америка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0c/1052102769_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_b1645734f9f491d4c1a6b3735c3a7f12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, америка, полиция, кара, каршылык, акция
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, америка, полиция, кара, каршылык, акция
АКШда полиция афроамерикалыкты атып салып, башаламандык жаралды. Видео
15:25 12.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Полиция ынды кара кишини жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтоткон. Текшерүү учурунда буга чейин аны камакка алууга ордер берилгени белгилүү болгон.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Американын Бруклин-Сентер шаарында полициянын ынды кара кишини атып салганы массалык каршылыктарды жаратты. Бул тууралуу
The Independent жазды.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары 20 жаштагы Данте Райтаны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда полиция кызматкерлери буга чейин аны камакка алууга ордер берилгенин аныкташкан.
"Америкалык жаран полициянын талабына баш ийгиси келбей, өзүнүн унаасына барып отуруп алган. Мындан улам тартип сакчыларынын бири Райтты көздөй ок чыгарган. Анын унаасы бир нече көчөдөн өтүп барып башка машинаны сүзгөн. Натыйжада рулдагы аял жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми Райт ошол жерден көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Окуядан кийин кырсык болгон жерге 500гө жакын киши чогулуп, полиция менен жарандар кагылышкан. Натыйжада бир нече күзөт унаасы жарактан чыкканы айтылды. Топтолгондорду таратыш үчүн тартип сакчылары желим окторду колдонушкан.
Кечке жуук каршылык акциясы токтоп, жарандар "Даунт Райтка акыйкаттык" деген жазууларды калтырып кетишкен.