https://sputnik.kg/20210407/ala-kachuu-kyz-shektuu-olum-1052037063.html
Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды
Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды
Sputnik Кыргызстан
Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап салган. 07.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-07T20:42+0600
2021-04-07T20:42+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
окуялар
бишкек
чүй облусу
милиция
кыз ала качуу
өлүм
бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
https://sputnik.kg/img/104271/78/1042717852_0:64:2200:1302_1920x0_80_0_0_3ab86b963c19b968a2d7c7160c4b34d8.jpg
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кеткен кыздын сөөгү ордо калаадан анча алыс эмес жерден табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.Аталган факт боюнча Жазык-процесстик кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, милиция аны эки күндөн бери издеп жаткан.Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, буга чейин кызды ала качып кетти деп изделип жаткандардын Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан."Автоунаанын ичинде зомбулук менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы кыздын сөөгү жана бычакталган 36 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган", — деп айтылат билдирмеде.Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.Учурда ишти акыйкат жана ар тараптан иликтөө үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.
https://sputnik.kg/20181214/zhashyna-zhayragan-burulaydyn-videosu-1042420760.html
бишкек
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104271/78/1042717852_143:0:2139:1497_1920x0_80_0_0_a3f3208b32ede84224b95c9bf92e1665.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек, чүй облусу, милиция, кыз ала качуу, өлүм, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, бишкек, чүй облусу, милиция, кыз ала качуу, өлүм, бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Бишкектен ала качып кетти деген кыз менен шектүү кишинин сөөгү табылды
20:42 07.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап салган.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар ала качып кеткен кыздын сөөгү ордо калаадан анча алыс эмес жерден табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Аталган факт боюнча Жазык-процесстик кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, милиция аны эки күндөн бери
издеп жаткан."7-апрель күнү болжол менен саат 14:30дар чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунда автоунаанын ичинен аял менен эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн", — деп жазылат кабарда.
Жерине ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, буга чейин кызды ала качып кетти деп изделип жаткандардын Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан.
14 Бештин айы 2018, 21:12
"Автоунаанын ичинде зомбулук менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы кыздын сөөгү жана бычакталган 36 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган", — деп айтылат билдирмеде.
Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.
Учурда ишти акыйкат жана ар тараптан иликтөө үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.