Айыккыс оор дарт менен күрөшкөн бейтаптар бекер кеңеш алса болот. Номерлер

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Тажрыйбалуу адистер консультацияны бейтаптардан тышкары алардын жакындарына дагы бере алышат.  Зарыл учурда медиктерди үйгө чакырып кеңешин укса болот.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Айыккыс оор илдетке чалдыккандар жана алардын жакындары "Паллиативдик жардам" тынымсыз линиясына чалып бекер консультация алса болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.
Ага ылайык, медициналык кеңештерди тажрыйбалуу дарыгер-онколог жана терапевттер бермекчи. Зарыл болгон учурда оорулуу менен туугандарынын үйүнө барып консультация бере алышат.
Тынымсыз линиянын номерлери:
  • Элиза, терапевт — 0705180914;
  • Динара, дарыгер-онколог — 0772176427;
  • Салтанат, дарыгер-онколог — 0552140587.
Паллиативдик жардам кимдерге керек?
  • залалдуу шишиктин ар кандай формасы менен жабыр тарткандар;
  • ички органдары катуу жабыркагандар;
  • өнөкөт оорулары күч алгандар;
  • мээнин кан тамырынын бузулушунан жапа чеккендер;
  • жаракаттардын айынан кесепети чоң илдетке кабылгандар;
  • нерв системасы ооруларынын акыркы баскычтары менен күрөшүп жаткандар;
  • деменциянын (акыл-эстин начарлашы) ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Альцгеймер оорусуна кабылгандар;
  • социалдык жактан маанилүү жугуштуу илдеттер менен олуттуу түрдө күрөшүп жаткандар.
Жаңылыктар түрмөгү
0