https://sputnik.kg/20210402/bryussel-aprel-tamasha-festival-bashalamandyk-1051978856.html
1-апрелге карата тамаша Брюсселде массалык башаламандык жаратты. Видео
1-апрелге карата тамаша Брюсселде массалык башаламандык жаратты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Белгисиз адамдар социалдык тармактарга 1-апрель күнү Буа де ля Камбр сейил багында музыкалык фестиваль өтө турганын жарыялаган. Буга ишенип алып паркка 5 000... 02.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-02T14:13+0600
2021-04-02T14:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
окуялар
дүйнөдө
брюссель
фестиваль
тамаша
апрель
https://sputnik.kg/img/07e5/04/02/1051978037_0:0:3113:1760_1920x0_80_0_0_4aa258c2eb71d0bb58430f2f5a7ca30b.jpg
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Брюсселде борбордук сейил бакта укмуштуудай концерт болот деген 1-апрелге карата айтылган тамаша массалык башаламандык жана полиция менен жарандардын кагылышуусуна алып келди. Бул тууралуу Вrussels Тimes жазды.Маалыматка караганда, марттан бери бельгиялык социалдык тармактарда 1-апрель күнү Буа де ля Камбор сейил багында La Boum музыкалык фестивалы өтө турганы, ага Европанын булуң-бурчунан 200 диджей келери тууралуу жарыя таркаган. "Уюштуруучулар" концертке кирүү акысыз болорун жана Париж, Лондон, Амстердамдан автобустар келерин убадалашкан.Аталган жарыяда маалымат тамаша экенин кыйыткан белгилер болгон. Мисалга, "фестивалдын" датасынын 1-апрелге туш келишин, диджейлердин ысымы бельгиялык саясатчылардыкына окшоштугун алса болот. Тизмеде Alexander 2-Kraux деген адам болгон — бул Бельгиянын премьер-министри Александер де Крону кыйыткан.1-апрелге жакын "уюштуруучулардын" баракчасында жарыя болгону тамаша экени боюнча билдирүү жарыяланган. Бирок ал маалымат кырдаалдан куткара алган эмес. Түштөн кийин сейил бакка 5 000 адам чогулган. Фестиваль башталбай калганда жаштар өз алдынча музыка жаңыртып бийлеп башташкан.Полиция кызматкерлери элден тарап кетүүнү суранганда топтолгондор тартип коргоочуларды көздөй бөтөлкө ыргыткан. Кийин атчан полиция өкүлдөрү дагы келишкен. Топтолгондорду суу менен атып кубалап, кээ бирлерин кармашкан.Окуянын кесепетинен 15 адам кармалып, ондон ашык укук коргоочу жаракат алган.
брюссель
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/02/1051978037_0:0:3113:1956_1920x0_80_0_0_a866b541d4279deae89912013eaf6630.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, брюссель, фестиваль, тамаша, апрель
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, брюссель, фестиваль, тамаша, апрель
1-апрелге карата тамаша Брюсселде массалык башаламандык жаратты. Видео
14:13 02.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Белгисиз адамдар социалдык тармактарга 1-апрель күнү Буа де ля Камбр сейил багында музыкалык фестиваль өтө турганын жарыялаган. Буга ишенип алып паркка 5 000 адам чогулган.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Брюсселде борбордук сейил бакта укмуштуудай концерт болот деген 1-апрелге карата айтылган тамаша массалык башаламандык жана полиция менен жарандардын кагылышуусуна алып келди. Бул тууралуу
Вrussels Тimes жазды.
Маалыматка караганда, марттан бери бельгиялык социалдык тармактарда 1-апрель күнү Буа де ля Камбор сейил багында La Boum музыкалык фестивалы өтө турганы, ага Европанын булуң-бурчунан 200 диджей келери тууралуу жарыя таркаган. "Уюштуруучулар" концертке кирүү акысыз болорун жана Париж, Лондон, Амстердамдан автобустар келерин убадалашкан.
Аталган жарыяда маалымат тамаша экенин кыйыткан белгилер болгон. Мисалга, "фестивалдын" датасынын 1-апрелге туш келишин, диджейлердин ысымы бельгиялык саясатчылардыкына окшоштугун алса болот. Тизмеде Alexander 2-Kraux деген адам болгон — бул Бельгиянын премьер-министри Александер де Крону кыйыткан.
1-апрелге жакын "уюштуруучулардын" баракчасында жарыя болгону тамаша экени боюнча билдирүү жарыяланган. Бирок ал маалымат кырдаалдан куткара алган эмес. Түштөн кийин сейил бакка 5 000 адам чогулган. Фестиваль башталбай калганда жаштар өз алдынча музыка жаңыртып бийлеп башташкан.
Полиция кызматкерлери элден тарап кетүүнү суранганда топтолгондор тартип коргоочуларды көздөй бөтөлкө ыргыткан. Кийин атчан полиция өкүлдөрү дагы келишкен. Топтолгондорду суу менен атып кубалап, кээ бирлерин кармашкан.
Окуянын кесепетинен 15 адам кармалып, ондон ашык укук коргоочу жаракат алган.