Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Моношбекова: "Жаз деми" жарым марафонунда эреже тыкыр көзөмөлдөнөт

© Sputnik / Асель СыдыковаNomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова "Жаз деми" жарым марафонунда эпидкырдаал тыкыр көзөмөлдөнөрүн, катышуучуларга санитардык эрежелерди бекем сактоо боюнча маалымат берилерин айтты.
Жарым марафондо санитардык эрежелерди сактоо менен катышуучуларга бардык шарттар түзүлөт. Мындай маалыматты Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Моношбекова: "Жаз деми" жарым марафонунда эреже тыкыр көзөмөлдөнөт
Анын айтымында, иш-чара учурунда чуркай турган жарандарга бет каптар берилип, социалдык аралыкты сактоого чакырыктар айтылып турат.
"2020-жыл биз үчүн оор жыл болду. Абал турукташып калат деп улам мелдештерди жылдырганбыз. Дүйнөдөгү ири марафондор да пандемияга байланыштуу кийинкиге жылып калган. Коомдун саламаттыгы маанилүү болгон үчүн баары туура түшүнүү менен кабыл алышты. Ага карабастан чет өлкөдө кээ бир иш-чаралар убагында өтүп жатты. Москвада, Стамбулда өткөн марафондордо катышуучулардын санын азайтуу, социалдык аралыкты сактоо аркылуу мелдештерди уюштурушту. Мисалы, спортчулар мурда жарышты чогуу баштаса, пандемияга байланыштуу жөө күлүктөр өзүнчө чуркап, ар биринин персоналдык убактысы белгиленип, жеңүүчүлөр аныкталды. Демек, мелдеш учурунда ар бири өзүнүн кезегин күтүп чуркаганы жакшы. Санэпидем көзөмөл борбору да карап турат. Санитардык эрежелерди сактоо менен катышуучуларга бардык шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Жарандарга түшүндүрүү баракчалары, бет каптар берилет. Эрежелерди бекем сактоо боюнча маалымат да айтылып турат", — деди Моношбекова.
Ошондой эле маркетолог "Жаз деми" жарым марафонуна чет өлкөлүктөр да катышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0