https://sputnik.kg/20210330/kim-chen-yndyn-karyndashy-tushtuk-koreya-lideri-1051939569.html
Ким Чен Ындын карындашы Түштүк Корея лидерин "АКШнын тоту кушу" деп атады
Ким Чен Ындын карындашы Түштүк Корея лидерин "АКШнын тоту кушу" деп атады
Sputnik Кыргызстан
Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди. 30.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-30T10:18+0600
2021-03-30T10:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
азия
дүйнөдө
саясат
түндүк корея
түштүк корея
ракета
президент
сын
нааразычылык
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1e/1051939537_0:0:2800:1584_1920x0_80_0_0_4e808709d4f798da94931e817f244f45.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге катуу кыжырланып, "АКШнын тоту кушу" деп атады. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди. Президент "Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурушу кырдаалды татаалдатып жатканын, анын ордуна Түндүк, Түштүк Корея АКШ менен диалогго баруусу керектигин" айткан.Буга чейин Түштүк Корея менен Япония Түндүк Корея акыркы учурларда эки ракетасын сынаганын айтып чыгышкан. Биринчисин 21-мартта Сары деңизди көздөй, экинчисин 25-мартта Япон деңизин көздөй учурганын кабарлашкан.Коомчулук Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сыноо менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп сынга алууда.
https://sputnik.kg/20210115/koreyadagy-askerdik-paraddyn-videosu-1051122648.html
түндүк корея
түштүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1e/1051939537_0:0:2800:1760_1920x0_80_0_0_eb1d2775e967926cbb841f031d2a039d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, саясат, түндүк корея, түштүк корея, ракета, президент, сын, нааразычылык, ким ё чжон
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, саясат, түндүк корея, түштүк корея, ракета, президент, сын, нааразычылык, ким ё чжон
Ким Чен Ындын карындашы Түштүк Корея лидерин "АКШнын тоту кушу" деп атады
10:18 30.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге катуу кыжырланып, "АКШнын тоту кушу" деп атады. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграф агенттигине шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Ким Ё Чжон айым коңшу өлкөнүн президенти Түндүк Кореянын ракета учурушуна карата айткан сынына жини келди. Президент "Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурушу кырдаалды татаалдатып жатканын, анын ордуна Түндүк, Түштүк Корея АКШ менен диалогго баруусу керектигин" айткан.
"Бул бетпактыктын жеткен чеги! Өткөн жылы Мун Чжэ Ин өздөрүнүн Коргонуу боюнча каражаттарды иштеп чыгуу агенттигине барып, курал-жарактарын көрсөтүп, алар Корей жарым аралын бардык коркунучтардан коргой алат деп мактанган. Эми биздин ошондой эле куралды сынга алып, АКШны ээрчий сүйлөп, өзүнө каршы чыгып жатат", — деди Түндүк Корея лидеринин карындашы.
Буга чейин Түштүк Корея менен Япония Түндүк Корея акыркы учурларда эки ракетасын сынаганын айтып чыгышкан. Биринчисин 21-мартта Сары деңизди көздөй, экинчисин 25-мартта Япон деңизин көздөй учурганын кабарлашкан.
Коомчулук Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сыноо менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп сынга алууда.