Новиков: чектөө кирбейт, бирок санитардык көзөмөл күчөтүлөт

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр КР Артем Новиков
Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин белгилеген.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өлкө аймагында азырынча чектөө киргизилбейт, бирок эл көп чогулган жерде санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер Артём Новиков жыйында бергенин Республикалык штаб кабарлады.
Лаборатории медицинской компании Инвитро - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Алматыда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды
Жыйында Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин белгилеген.
"Коронавируска кабылгандар дүйнө жүзүндө көбөйүп жатат, коңшу өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилүүдө. Биздин саламаттык сактоо уюмдары баарына даяр болушу керек. Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алышыбыз керек", — деди Новиков.
Биринчи вице-премьер бет кап тагынуу талабы күчөтүлөрүн белгиледи.
"Биз элди дары-дармек, адистер менен камсыздайбыз, бирок жарандар дагы аң-сезимдүү болуп санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы кажет", — деди ал.
Жыйын жыйынтыгы менен бир катар тапшырмалар берилди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги күн сайын өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө Кыргызстанга чет жактан келген жарандар тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирилди;
  • бир жума ичинде медицина мекемелериндеги дары-дармектин корун, адистердин даярдыгын, концентраторлордун ишин текшерип чыгышы керек;
  • 30-мартка чейин COVID-19дун жайылышын алдын алуучу кадамдардын жана үчүнчү толкунга даярдык көрүү пландарына өзгөртүү киргизип, штабдын кароосуна жөнөтүү;
  • үч күндүн ичинде Материалдык резервдер фондунан ар бир ооруканага дары-дармек жеткирүү.
Ал эми өкмөттүн өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына коронавируска шектелип кайрылган жарандарга көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүү тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0