Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
25-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматта унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени айтылат.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Таласта +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +10...+15 грудуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +21…+26 градус болору болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0