Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясатчы Өмүрбек Бабанов. Архив
Саясатчы Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Бабанов мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөн.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Мындай чечимге Бабановдун аракеттеринде мамлекеттин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон", — деп айтылат маалыматта.
Бабанов, ошондой эле, мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат котормүй болду.
Бабановдун иши
Өмүрбек Бабанов январь айынын башында УКМКга сурак берип чыккан. Бирок кайсы иш боюнча суралып жатканын атайын кызмат ачыктаган эмес. Ал эми саясатчы өзү Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда козголгон иштер боюнча сурак бергенин журналисттерге билдирген.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алгандан кийин ошол жылдын октябрында өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан таптакыр кетип жатканын жарыялаган.
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты
2018-жылдын башында УКМК ага карата президенттикке талапкер кезинде Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү боюнча "Улут аралык кастыкты козутуу" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
2019-жылы Бабанов өлкөгө кайтып келген соң бир нече жолу УКМКга жана Финполго сурак берип чыккан.
2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин ал кайрадан саясатка кайтып келгенин жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0