Улактын териси сыйрылгыча тартышты. Бүйүр кызыткан көк бөрү финалынан 17 сүрөт

Жазылуу
Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары бүйүр кызыткан кызыктуу оюн тартуулады.

Первая лига республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Капталдан урдурду. Көк бөрү финалында "Жети-Өгүздүн" улакчысы аттан кулады. Видео
Үч бөлүктөн турган негизги оюнда эки команда тең бири-бирине катуу айбат көрсөтүп 4:4 эсеби менен тең чыкты. Мындан улам жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Деген менен мында дагы эсеп саны өзгөргөн жок.

Андан соң оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Бирок анда кан-жанын аябай ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок. Биринин артынан бири тай казанга улак ыргытып жатты. Акыры алтынчы улакты салганда "Достуктун" оюнчусу жаза басты. Натыйжада 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталды.

Нооруз майрамына карата уюштурлган бул мелдеш көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымак" менен "Достук" командалары эзелки атаандаштар. Ар мелдеш сайын финалга чыгып катуу кармашат.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
1/17
"Ынтымак" менен "Достук" командалары эзелки атаандаштар. Ар мелдеш сайын финалга чыгып катуу кармашат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖекеме-жекеге чыккан аттар аябай үйрөтүлгөн. Бул сүрөттөн аргымактын жерге жата калып каршылашын сүрүп, улакчынын эңип алышына жакшы шарт түзүп берип жатканын көрүүгө болот.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
2/17
Жекеме-жекеге чыккан аттар аябай үйрөтүлгөн. Бул сүрөттөн аргымактын жерге жата калып каршылашын сүрүп, улакчынын эңип алышына жакшы шарт түзүп берип жатканын көрүүгө болот.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымак" командасынын мыкты оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу улакты такымдап, оңдуу жолду карап турган чагы. Минген аты — "Кара Куш"
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
3/17
"Ынтымак" командасынын мыкты оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу улакты такымдап, оңдуу жолду карап турган чагы. Минген аты — "Кара Куш"
© Sputnik / Табылды КадырбековУлак тай казандын четине туруп калды. Бири ичине түртүп салууга, экинчи сыртка тартып чыгарууга жан үрөт жатат.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
4/17
Улак тай казандын четине туруп калды. Бири ичине түртүп салууга, экинчи сыртка тартып чыгарууга жан үрөт жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкинчи тайм учурунда "Достук" күчтөнүп, Султан Русланов менен Майрамбек Рыспеков удаасы менен атаандаштарынын тай казанына улак ыргытты.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
5/17
Экинчи тайм учурунда "Достук" күчтөнүп, Султан Русланов менен Майрамбек Рыспеков удаасы менен атаандаштарынын тай казанына улак ыргытты.
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" көк бөрүчүлөрү катары менен эки салым жасаган. Бирок кийинки тайымда эсеп саны 2:2 болуп теңелди.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
6/17
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Ынтымактын" көк бөрүчүлөрү катары менен эки салым жасаган. Бирок кийинки тайымда эсеп саны 2:2 болуп теңелди.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ынтымак" командасы дагы катуу даярдык менен келгени байкалып турду.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
7/17
"Ынтымак" командасы дагы катуу даярдык менен келгени байкалып турду.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрүдө жыгылбай калуу мүмкүн эмес, Нуржан Мелисбек уулу да аттан кулап түштү.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
8/17
Көк бөрүдө жыгылбай калуу мүмкүн эмес, Нуржан Мелисбек уулу да аттан кулап түштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭрендердин билегинин күчү канча экени ушинтип тартышып жатканда сыналат.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
9/17
Эрендердин билегинин күчү канча экени ушинтип тартышып жатканда сыналат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Достуктун" оюнчусу Бекболсун Алтынбек уулу алып келген улагын тай казанга ыргытуунун амалын издеп турат.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
10/17
"Достуктун" оюнчусу Бекболсун Алтынбек уулу алып келген улагын тай казанга ыргытуунун амалын издеп турат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКүчтүү командалардын беттешинде көз ачып-жумганча кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
11/17
Күчтүү командалардын беттешинде көз ачып-жумганча кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮч бөлүктөн турган негизги оюнда эки команда тең бири-бирине катуу айбат көрсөтүп 4:4 эсеби менен тең чыкты.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
12/17
Үч бөлүктөн турган негизги оюнда эки команда тең бири-бирине катуу айбат көрсөтүп 4:4 эсеби менен тең чыкты.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Деген менен мында дагы эсеп саны өзгөргөн жок.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
13/17
Жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Деген менен мында дагы эсеп саны өзгөргөн жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамына карата уюштурлган бул мелдеш, көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
14/17
Нооруз майрамына карата уюштурлган бул мелдеш, көк бөрү легендалары Болот Шер, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков32-35 килограммдык улакты колунда ойнотуп, ыргытып жаткан "Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
15/17
32-35 килограммдык улакты колунда ойнотуп, ыргытып жаткан "Ынтымактын" капитаны Жолдошбек Орозбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Бирок анда кан-жанын аябай ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
16/17
Оюндун шарты боюнча буллит дайындалды. Бирок анда кан-жанын аябай ойногон тажрыйбалуу улакчылар атаандашына жөн гана утулуп берген жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековБуллиттин жыйынтыгында 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталды.
Финал высшей лиги республиканского турнира по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
17/17
Буллиттин жыйынтыгында 6:5 менен "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0