Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы алмашты

© Фото / пресс-служба РКФРРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Фондго башчы болуп келген Азиз Аалиев ушул эле фондду 2020-жылдын февраль айынан октябрга чейин жетектеген болчу.
БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Өкмөт башчы башка буйругу менен Азиз Аалиевди аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы кылып дайындады.
Белгилей кетсек, Азиз Аалиев 2020-жылдын февраль айынан октябрга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0