https://sputnik.kg/20210316/krishtianu-ronaldu-oroy-oyun-darbazachy-betke-tepti-1051785276.html
Топко жетем деген Роналду дарбазачыны бетке тепти. Видео
Топко жетем деген Роналду дарбазачыны бетке тепти. Видео
Sputnik Кыргызстан
Окуя Италия чемпионатынын 27-турундагы "Ювентус" менен "Кальяри" беттешинде катталган. Оюнда туриндиктер 3:1 эсебинде утуп, Роналду хет-трик жасаган. 16.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-16T12:29+0600
2021-03-16T12:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
спорт
дүйнөдө
футбол
криштиану роналду
оюн
айып
кагаз
ювентус
фк "кальяри"
https://sputnik.kg/img/07e5/03/10/1051785327_0:0:3072:1739_1920x0_80_0_0_233e4d2a06c8118b03181f75c63c302f.jpg
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду бутсанын таманындагы "тикенек тиши" менен "Кальяри" клубунун дарбазачысы Алессио Краньону бетке тээп алды. Мындай орой оюну үчүн ал татыктуу жаза албаганын Eurosport маалымат булагы жазган. Италия чемпионатынын 27-турундагы бул беттеште Роналдунун хет-триги (бир оюнда үч гол киргизүү) менен туриндиктер 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.Атаандаш команда Криштиану Роналдуну калыс беттештен четтетиши керек экенин белгилеген.Кооптуу учур беттештин 14-мүнөтүндө катталган. 36 жаштагы чабуулчу капталдан чыгарылган бийиктеги топко буту менен жетүүгө умтулуп жатып бутсанын "тикенек тиши" менен дарбазачы Алессио Краньону бетке тепкен. Калыс Роналдуну сары айып кагазы менен жазалаган.Эскерте кетсек, буга чейин Бразилиянын "Васко да Гама" клубунун коргоочусу Леандро Кастан "Байя" клубунун дарбазачысын бетке тээп алып беттештен куулган болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/10/1051785327_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_2d6a4f79ee8c41c93288a11edda4fd01.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, спорт, дүйнөдө, футбол, криштиану роналду, оюн, айып, кагаз, ювентус, фк "кальяри"
жаңылыктар, спорт, дүйнөдө, футбол, криштиану роналду, оюн, айып, кагаз, ювентус, фк "кальяри"
Топко жетем деген Роналду дарбазачыны бетке тепти. Видео
12:29 16.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Окуя Италия чемпионатынын 27-турундагы "Ювентус" менен "Кальяри" беттешинде катталган. Оюнда туриндиктер 3:1 эсебинде утуп, Роналду хет-трик жасаган.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду бутсанын таманындагы "тикенек тиши" менен "Кальяри" клубунун дарбазачысы Алессио Краньону бетке тээп алды. Мындай орой оюну үчүн ал татыктуу жаза албаганын
Eurosport маалымат булагы жазган.
Италия чемпионатынын 27-турундагы бул беттеште Роналдунун хет-триги (бир оюнда үч гол киргизүү) менен туриндиктер 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Атаандаш команда Криштиану Роналдуну калыс беттештен четтетиши керек экенин белгилеген.
"Биздин оюнчулардын бул оюнга болгон мамилеси мени капалантты. Андан да Роналду ашкере орой оюну үчүн беттештен четтетилбестен, жеңил жаза менен гана чектелгени туура эмес болду. Бул окуя оюнду таптакыр өзгөртүшү мүмкүн болчу. Албетте, ал өтө кооптуу ойноп, биздин дарбазачынын ден соолугуна залака келтирди. Бул үчүн ал кызыл айып кагазы менен жазаланышы керек эле. Бул футболдун эрежесинде жазылган", — деген "Кальяри" клубунун президенти Томазо Джулини.
Кооптуу учур беттештин 14-мүнөтүндө катталган. 36 жаштагы чабуулчу капталдан чыгарылган бийиктеги топко буту менен жетүүгө умтулуп жатып бутсанын "тикенек тиши" менен дарбазачы Алессио Краньону бетке тепкен. Калыс Роналдуну сары айып кагазы менен жазалаган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бразилиянын "Васко да Гама" клубунун коргоочусу Леандро Кастан "Байя" клубунун дарбазачысын бетке тээп алып
беттештен куулган болчу.