00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сулата тээп, жыга чапкан кыргызстандык ММА мушкерлеринин нокауттары

© AP Photo / Kamil KrzaczynskiКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Соңку жылдары Кыргызстандын ММА мушкерлери атаандаштарын жыга чаап, сулата тээп бүк түшүргөн учурлар көп болду. Sputnik Кыргызстан ата мекендик мушкерлердин нокауттар топтомун сунуш кылат.
Кыргызстандын ММА мушкери Немат Абдрашитов Brave CF уюмунун кечээ, 11-мартта, өткөн мелдешинде дебюттук таймашына чыгып, россиялык Анзор Абдулхожаевди нокаутка кетирип утту. Ал адегенде атаандашы мойнунан муунтууга алган кучагынан чыгып, өзүн ээк тушка уруп сулаткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от BRAVE Combat Federation (@bravemmaf)

2020-жыл, 15-ноябрь

Россиянын Москва шаарында өткөн "Колизей ММА" уюмунун "Чемпиондордун беттеши 16" мелдешинде кыргызстандык мушкер Кудурет Талипов 16-секундунда бир сокку менен өзбекстандык Баходир Бахрамовду нокаутка кетирген.

2021-жыл, 20-февраль

Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров Россиянын Самара шаарында өткөн OPEN FC уюмунун гран-при мелдешинин чейрек финалында азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимовду жыга чаап уткан.
Абдыкааровдун сол колдоп урган соккусунан атаандашы жерге кулаган. Бул учурда ал анын баш тушуна соккуларды жаадырып, калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулган. 
Эрежеге ылайык, Абдыкааров жарым финалда бразилиялык Матеус Сантос менен кездешет. Кармаштын күнү азырынча айтыла элек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

2021-жыл, 7-март

Кыргызстандык тай бокс чебери Шерзод Кабутов Muay Thai Super Champ мелдешиндеги таиланддык Жонгардам Цитнумнойду айланып ичке тээп нокаутка кетирген.
Кыргызстандык мушкер үчүн бул беттеш аталган уюмдун алкагындагы бешинчи кармашы болду. Спортчу анын төртөөсүн утуп, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

2020-жылдын 13-декабры

АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 256 турниринде кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев бразилиялык Ренато Мойканону биринчи эле раундда нокаут менен жеңип алган.
Физиев бетин коргоп алган атаандашын адегенде сол колдоп өпкө тушка, оң колу менен баш жагына урган. Коргонууда ачыла түшкөн Мойканонун бет тушуна сол колдоп кубаттуу сокку уруп, сулаткан. Физиев кулап, жерде жаткан атаандашын дагы сабап киргенде калыс кийлигишип, беттешти тезинен токтоткон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Физиев бул жеңиши менен дүйнөлүк абройлуу уюмдун алдыңкы мушкерлеринин катарына көтөрүлгөн.

2020-жыл, 6-ноябрь

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов Сингапур шаарында өткөн ONE Championship уюмунун жарым орто салмагындагы (77 килограмм) чемпиондук наамын коргоо үчүн дагы америкалык Жеймс Накашимини эсинен тандырып уткан. Үчүнчү раундда кыргызстандык мушкердин тизеси менен атаандашынын бет тушуна тепкени кармаштын тагдырын чечкен.
Бул кармаш кыргызстандык мушкер үчүн чемпиондук наамын коргогон биринчи кармашы болду. Мушкер андан бери октагонго чыга элек.
Аббасов аталган уюмдун 2019-жылдын 25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн мелдешинде швециялык мушкер Себастьян Кадестанды утуп, чемпион болгон.

2019-жыл, 8-июнь

АКШнын Чикаго шаарында өткөн UFC 238 мелдешинде кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко америкалык Жессика Айды башка тээп уткан.
​Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, алтын курга ээ болгон.
Андан соң 2019-жылдын августунда Лиз Кармушту, 2020-жылдын февраль айында Кэтлин Чукагянды жана 2020-жылдын ноябрь айында Женнифер Майяны утуп, төртүнчү ирет чемпиондук наамын коргогон. Муну менен кыргызстандык мушкер кыз UFC уюмунун аялдар дивизионунун эң жеңил салмактагы чемпиону бойдон калып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0