"Кыргызстандан сувенир ала келдиңизби?". Лавров түрк кесиптешин тамашалады

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн министрлери Катардын борборунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Түрк министри Дохага Бишкектен барды. Ал 10-мартта Кыргызстанга расмий сапары менен келген.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Катардын борбору Дохадагы эл аралык аэропорттон жолугуп сүйлөшүп жатканын РИА Новости жазды.
Россиялык министр Эр-Рияддан, түрк министри Бишкектен барган. Чавушоглу 10-мартта Кыргызстанга келип өлкө жетекчилиги менен кезиккен.
"Кыргызстандан сувенир ала келдиңизби?" — деп Лавров түрк кесиптеши менен учурашып жатып тамашалады.
Ошондой эле ал Чавушоглудан "Аккую" АЭСинин курулушунун трансляциясынын көргөн-көрбөгөнүнө кызыккан.
"Бир аз. Бишкектен учуп кетишим керек болгондуктан толук көрө албай калдым", — деди түрк министри.
Тараптар кийинки сүйлөшүүлөрүн жабык форматта өткөрүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0