00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектен Москвага канча сом менен учса болот? Марттын этегине чейинки баа

© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүүАвибилет кармап турган жүргүнчү. Архив
Авибилет кармап турган жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Жакынкы апталардагы Бишкек — Москва каттамы боюнча билеттердин баалары тууралуу, ошондой эле "Аэрофлоттун" рейстери апрель айында токтотулабы же жокпу деген суроого материалдан жооп алыңыз.
Кечээ, 9-мартта, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Россияга авиабилеттердин баасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Депутаттар Улугбек Ормонов менен Сайдолимжон Жураев  КРдин жарандык авиация жаатындагы ишин карап чыгууну сунуш кылышкан.
"Ушул тапта Москва — Бишкек каттамындагы авиабилеттердин баасы 8 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми кайра баратканда 50 миң сомго чейин болууда. Эмнеге мынча чоң айырмачылык бар? Ушундай баалар бизде гана экен. Өзбекстан менен Казакстанда билеттердин баасы 20-25 миң сомго чейин. Биздикилер эле ашыкча акча төлөп жатышат. Россиялыктар өздөрү алда канча арзан учушат. Бул маселени тезинен чечүү керек", — деген депутат Ормонов.
Министрлер менен мекеме жетекчилеринин жоктугуна байланыштуу комитет жарандык авиация жаатындагы иштер боюнча маселени кароону кийинки жыйынга калтырган. Ормонов комитеттин аппаратынан доклад жасай турчулардын толук келүүсүн камсыздоону өтүнгөн.
Sputnik редакциясы жакынкы апталарда Бишкектен Москвага учуу канча болорун билди.
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп
Ушу тапта Бишкек — Москва багыты боюнча учууларды эки компания ишке ашырат. Бири Россиянын "Аэрофлоту", экинчиси жергиликтүү "АвиаТраффик". Ошол эле учурда Россияга билеттер 33 миңден 95-98 миңге чейин болууда.
"АвиаТраффиктин" сатуу бөлүмү Sputnik агенттигине компанияда бирдиктүү тариф коюлганын билдирди. Россияга билеттер 33-34 миң сомдон сатылып жатат.
Маселен, ушул жумада Бишкектен Москвага билеттер 33 700 миң деп турат. Эгер евронун курсу өзгөрбөсө, кийинки жума деле наркы өзгөрбөйт.
Марттын этегинде авиабилеттердин баасы 34 700 сомго көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылды.
Компания билдиргендей, жарандар учар алдында ПЦР-тест тапшырып, сайттагы анкетаны толтурушу керек. Ал эми "негиздеме" деген документти тапшыруунун кереги жок.
Россиялык "Аэрофлоттун" сатуу бөлүмүнө байланышууга мүмкүн болбогондуктан сайтындагы маалыматка үңүлдүк. Компания туруктуу каттамдарды экинчи, бешинчи жана дем алыш күндөрү жүргүзөт.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Бейшеналиев Россиядан кыргыз мигранттарын эмдөөдөн массалык түрдө өткөрүүнү өтүндү
Москвага кезектеги рейс бүгүн, 10-мартка, белгиленген. Билеттин баасы 42 752 сом. Баа ушул айдын этегине чейин өзгөрбөй турганы жазылган.
Анткен менен Kyrgyz Concept туроператорунун кызматкери "Аэрофлоттун" сайтындагы баалар дайыма эле дал келбей турганын айткан. Компаниянын 12-марттагы каттамындагы билеттин баасы 100 миң сомго (98 723) чукулдайт.
Март айынын аягына чейин Бишкек — Москва (Шереметьево) авиабилеттеринин баасы (баасы Kyrgyz Concept тарабынан көрсөтүлгөн);
  • 14-мартта — 52 969 (сом менен, мындан кийинкилери дагы);
  • 16-мартт — 79 026;
  • 19-мартта — 52 969;
  • 21-мартта — 79 026;
  • 26-мартта — 98 723;
  • 28-мартта — 42 193;
  • 30-мартта — 52 969.
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Алматы – Ош – Алматы чартердик каттамы ачылды
Жакында эле "Аэрофлот" Бишкек жана Ош шаарларына туруктуу эл аралык каттамдарын бир айга токтото турганы маалым болгон. Компания Кыргызстанга 28-марттан 30-апрелге чейин каттамдарын жүргүзбөйт. Бул чечим коронавирустун жайылышына байланыштуу экенин айтышкан.
"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын маалымат катчысы Алия Курбанова бул маселе боюнча комментарий берип жатып, аларга каттамдарды токтотуу боюнча расмий билдирүү келе электигин билдирген.
Ушул эле маалыматты туроператор дагы тастыктап, буйрутмалар апрель айына чейин кабыл алынып жаткандыгын белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0