Кийинки кезде концертке чыккандан тартынчу болдум. Самара Токтакунова менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовНародный артист СССР Самара Токтакунова
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
"Sputnik Кыргызстандын алтын фонду" рубрикасынын алкагында кезектеги залкар менен маектештик. Бүгүнкү каарманыбыз — СССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы "Манас" орденинин ээси Самара Токтакунова.
— Саламатта турасызбы? Комузду дүйнө элдерине тааныткан Самара Токтакунова азыр эмне менен алек болуп, кандай иштерди жасап жатканы бизге кызык болууда...
— Учурда жаштарды комуз өнөрүнө үйрөтүп, устаттык менен алекмин. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы ачылгандан тарта эл аспаптар кафедрасында иштеп келе жатам. Шакирттериме дараметимди, талантымды, билгенимди калтырышым керек деп эсептейм.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2020
Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек
Ушунча жашка келип, ал тургай 80ге кеткенде жаштардын арасында комуз чертип отурган жакшы, бирок мени тим эле коюшса дейм. Кээде алигече комуз чертип, сахнада жүргөнүм уят го деген ойлор да келет.
Жөнөкөй тил менен айтканда, жаштардын арасында отургандан деле уялып калат экенсиң. Бирок чакырышканда "эже, сиз эне, улуу аксакал катары баштап отуруңуз" дешет. Мамлекеттик деңгээлдеги концерттерине катышып бер деген учурларда барып, комуз ойноп берем.
Өмүр бою кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм.
Кийинки муунду окутуп, насаатчы болгум келет. Консерваториядан сырткары азыр мага эки мектеп окуучусу келип жатат. Өзгөчө таланттуу кыздар. 
© Фото / Данияр ЖаркынбаевССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы "Манас" орденинин ээси Самара Токтакунова.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы "Манас" орденинин ээси Самара Токтакунова.
— Шакирт деп калдыңыз, дароо эле ушул темага өтсөк. Сизге да укмуштуудай мыкты устат туш келип, ал өмүрлүк жубай эле эмес, канатына калкалап, көздөн, сөздөн сактап, аяп, аярлаган жана жанда жок камкордугуна алган инсан болгондугун легенда кылып айтып келишет. Дүйнөдө мындай түгөй сейрек кездешсе керек. Өзгөлөргө эле суктана бербей, өзүбүздөгүлөрдү да бөтөндөргө айтып береличи. Жубайыңыз Чалагыз Исабаев аба тууралуу кеп салсаңыз?
— Мени таланттуу кылып жараткан ата-энеме жана жолдошум Чалагыз Исабаевге ыраазымын. Ал кишиге турмушка чыкпаганда атым мынча чыкпайт эле. Муну өмүр бою айтып келем. Ал мени бир жагынан баладай, кичинекей кызындай кылып карап, камкордук көрүп, тарбиялады. Көзү өткөнчө "мобу кол деген комуз үчүн жаралган" деп экөөбүз айрылганча бычак карматпады, сууга колумду салдырган жок, ашкананын түйшүгүнө, оокатка жолотподу. Тамакты жасаганда ресторандыкы бул жакта калчу. Үйдү да өзү тазалай турган. Уктоочу бөлмөгө "бул 2-3 кайрыкты жаттамайын сага тамак жок" деп тамашалап, киргизип койчу. Ал кишиге турмушка чыкканым чыгармачылыгымдагы эң негизги бир өзгөчө даңктай турган жашоо болду. Башка адам менен баш кошсом мындай ийгиликке, ушундай бийиктикке жетпейт элем. "Сени СССРдин эл артисти деген наамга жеткиришим керек. Ошондо гана тынч алам" дегени эсимде. Жолдошумдун машыктырып отурган эмгеги, көктүгү, өжөрүлүгү менен ошол наамды алдым да. Ал наамдын тийгендигин укканыбыз да бир кызык. 
— Айтмакчы, сизге СССРдин эл артисти наамы 39 жашыңызда ыйгарылыптыр...
— Ооба, ошондой болгон. Абышкам өзү түзгөн, атын өзү койгон, мындайча айтканда, өзү төрөгөн "Камбаркан" фольклордук ансамбли бар эмеспи, ошону менен Алматыда кезектеги эл аралык фестивалдын алкагында гастролдо жүргөнбүз. Мейманканадагы номерде эртең мененки чайды камдап, ал душка түшүп жаткан. Бир маалда телефон шыңгырап калды. Ала койсом ары жактагы үн "мен СССРдин эл артисти менен сүйлөшүп жатамбы" деди. "Жок, туура эмес түшүп калдыңыз" деп коюп койдум. Экинчи ирет чалып, "ай, айланайын, мен СССРдин эл артисти менен сүйлөшүп жатамбы" деди.
— Ой, жок. Кандай немесиз, туура чалбайсызбы, – деп трубканы коеюн десем:
— Ой, токточу, Самарасыңбы? – деди.
— Ооба, – дедим.
— Айланайын, садага болоюн, Акун Токтосартов деген маданият министри болом, байкеңмин, — деди.
— Ой, байке, кечирип коюңуз, кечирип коюңуз, – деп уялып кеттим.
— Самарочка, айланайын, бүгүндөн тарта СССРдин эл артисти деген наамга жеттиң. Михаил Горбачев кол койгон указ менин колумда турат десе, "и-и-ий" деп кыйкырып жибердим.
Ошол жерден түз эле душтун эшигин тарсылдатып жатам.
—Эмне, ой, эмне? – дейт Чалагыз.
—Ай, сен СССРдин эл артисти менен сүйлөшүп жатасың! – дедим.
"Эмне дейт" деди эле, кайра кайталадым да Токтосартов байкенин чалганын айттым.
Аны укканда чала-була кийинип чуркап чыгып, самын бойдон мени көтөрүп алып тегеренип да, ыйлап да жатат. "Жинди го, кайра сүйүнбөйсүңбү", – деп чочуп кеттим.
"Эмгегим бааланганына кубанып, сен эмес эле мен алгандай болуп жатам, эмгегимдин акыбети кайтты", – деди маңдайы жарыла сүйүнүп. Анан ошондо баягы сөзүн эстедим... 
© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүСамара Токтакунова СССРдин эл артисти наамын 39 жашында, тагыраагы бул сүрөттөгү мезгилинен 5-6 жылдан кийин алган.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Самара Токтакунова СССРдин эл артисти наамын 39 жашында, тагыраагы бул сүрөттөгү мезгилинен 5-6 жылдан кийин алган.
— Алмазды таап, анын кырын чыгарып, көркүнө келтиргендей кылып Чалагыз аба сизди залкар комузчу кылып тарбиялаптыр. Ал адам менен жашаган учур бакыттын жеткен чеги дептирсиз. Болуп көрбөгөндөй идиллия болуптур. Кара кийип, мүңкүрөп, бир жыл эшикке чыкпай калганда эмне ойлор келди?
— Жолдошум Чалагыз Исабаев эрте, таланты, тажрыйбасы, устаттыгы, айтор, бардык жагынан жетилип, бере турганы арбын болуп турган маалда, 51 жашында, дүйнө салды.
Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2016
Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир
Ооба, Чалагыз каза болгондон кийин бир жыл эшикке чыкпай калдым. Балкондон көчөнү карайм. Аялы менен күйөөсү колтукташып, жайбаракат сүйлөшүп кетип бара жатканын көргөндө асманым жерге түшүп кеткендей болом. "Байбиче" деп чогуу басып, акыл-кеңешин айтып, жаныма эш болгон ошол кишимди жоктоп, ушундай кыйналдым. Үйгө кирип кетип эле ыйлап калам. Бул биринчиден. Экинчиси, ал киши өтүп кеткенде ойноп жүргөн азыркы эле комузум беш ай күүгө келбей койду. А негизи менен өмүр бою бир эле комузду колдонуп келе жатам да. Күүгө келбейт, кулагын бурасам кармабайт, таптак беш ай! Отуруп алып дагы ыйлайм.
Бир жумада бир-эки жолу күүлөп көрөм, жок... "Ээ кудай, эми эмне болот, кайран комузум" дейм ичим сыйрыла. Анан бир күнү көрөйүнчү деп колума алсам, мурдагыдай шаңкылдап сүйлөп калса болобу. Бир күнү Бесултан Жакиев байке менен бир жерде чогуу отуруп калып айтып берсем, "ай, айланайын, өзүнүн баккан (күйөөм аспаптын бетин тазалап, өзүнчө эле убара боло берчү. Мага даярдап туруп, анан черт деп карматчу) ээси кеткенден кийин ал дагы аза күтөт да, көрдүңбү" деди ал киши.
Ошентип беш айдан кийин күүгө келген. 
— 47 жыл колдонгон комуз — ал кандай аспап болду экен?..
— Оштун Өзгөн районунун айылында жашаган Нуралы аттуу кишинин белеги. Экини чааптыр, тим эле куурчактай. Бирин мага, экинчисин Чыңгыз Айтматовго арнап алып келиптир. Ал азыр Айтматов байкенин үйүндө илинип турат. Телевизордон берүүлөрдөн көрүп калам. Дароо тааныйм. Меники менен кудум эгиздей. Ушундай кооз, өзү эле сүйлөйт. Таза ойнолот, күүгө тез келет, ойногондо эле шартылдап кетет...
Ушул комуз өзгөчө кызык... Чертип, чертип туруп, "эк, чарчап кеттим" деп керебетке ыргытып коюп, кайра колуңа алсаң, күүгө келбейт. "Кечирип кой, кечирип кой, алтыным" деп сылап-сыйпап, анан бир-эки сааттан кийин кайра колума алсам сүйлөп калат. Кудайга тообо, жандуудай. Бир жагынан алганда чоң кишидей эстүү, бир жагынан алганда баладай чыргоо. Ал комузумду 47 жылдан ашуун убакыттан бери чертип келе жатам. 
© Sputnik / Александр Федоров"Жаш кезимде комузду күнүнө 8 сааттан ойночумун. Антпесе, чертүү техникасы жоголуп калат", — дейт Самара Токтакунова.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Жаш кезимде комузду күнүнө 8 сааттан ойночумун. Антпесе, чертүү техникасы жоголуп калат", — дейт Самара Токтакунова.
— Бир маегиңизде окуучуларымды балдарымдан кем көрбөйм дегениңиз бар экен... Абдан эле жумшак устатсызбы?
— Эркин болуп кеткенде зыкылдатып отурузуп коем, мен өзүм тартипти талап кылган мугалиммин. Тарбиям катуу. Антпесе, талант чыкпайт. Мамиле ар кандай болот. Эгерде машыгуу үйдөн болсо, адегенде тамак берип, курсагын тойгузуп, анан баштайм. Ачка отурса, кайдан кишинин көңүлү келет.
Мен кандай комуз чертсем, булар да ошондой чебер болсун дейм. Салмактуулугу, аткаруу чеберчилиги, чыгармачылыгы дал өзүмдөй болгон таланттарды калтырышым керек. Шакирттериме өзүмдүн аткаруучулук чеберчилигимди оодарып бериш милдетим. Ошондо гана мендеги болгон нерсени акыры ушуларга үйрөттүм деп канааттанам. Аркы дүйнөгө алып кеткен болбойт да.
Жаш кезимде комузду күнүнө 8 сааттан ойночумун. Антпесе, техника жоголуп калат. Азыр мага 4-5 саат жетиштүү. Машыгып бүткөм, 1-2 саат ойногондо эле ордуна келип калат. Ал эми шакирттерим тер төгө машыгышы керек деп талап коем. 
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Шакирттерим эркин болуп кеткенде зыкылдатып отурузуп коем, мен өзүм тартипти талап кылган мугалиммин. Тарбиям катуу. Антпесе, талант чыкпайт", — дейт Самара Токтакунова.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Шакирттерим эркин болуп кеткенде зыкылдатып отурузуп коем, мен өзүм тартипти талап кылган мугалиммин. Тарбиям катуу. Антпесе, талант чыкпайт", — дейт Самара Токтакунова.
— Эмгекке тарбиялаш керек деген сөз азыр эскиден калгандай угулушу мүмкүн. Балдарды кантип тарбиялаш керек экен. Себеби уулдарыңыз да коомчулукка чыгып жүргөн адамдардан болду.
— Уулдарым жубайым Чалагыз Исабаев каза болгондон кийин мени ойлонткон жок. Кошумча түйшүк жаратпады. Бейбаштык, ойлонбогон иштерди кылган жок. Ал үчүн ыраазымын.
Финал официального конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2019
Актан Исабаев: оокат кылуу үчүн эле ырчылыкка келгендер бар
Башка балдардай болуп тентектигин көрсөткөн жок, кичинекей кезинде эле тынч болчу. Жер караткан жок, эстүү чыгышты.
Уулдарым тууралуу сөз кылып жатып, бир окуя эске түштү. Анда болжолдосом, Актан — 4, Аслан 8 жашта.
АКШга гастролго барып, төрт ай жыйырма күндөн кийин кайтып келдик.
Апам, сиңдилерим болуп экөөнү ээрчитип аэропорттон тосуп барышыптыр. Сагынасың да, аэропорттон чыгып эле уулдарыма чуркадым. Балдарыбыз Чалагыз экөөбүздү тааныбай калса болобу. Кучактап өбөйүн десем, эки уулубуз тең апам менен сиңдимдин артына, көйнөгүнө улам далдаланып, ыйлап мага да, атасына да келбейт десең. Кудай у-у-ур. Ошондо Чалагыз байкеңер "жумушуңдун атасын оозун урайын, өз балдарың тааныбай качып калган эмне деген жумуш, ия" деп ыйлап, ага мен кошулуп, таенеси, айтор, баарыбыз ыйлаганбыз.
Ошондой күндөр өткөн. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСамара Токтакунова: Жолдошум Чалагыз менен болгону 25 жыл жашап калдык. 50, 60 жыл бирге өмүр сүргөндөрдү эстеп, тагдыр аны бизге эмнеге буюрбады дейм.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Самара Токтакунова: Жолдошум Чалагыз менен болгону 25 жыл жашап калдык. 50, 60 жыл бирге өмүр сүргөндөрдү эстеп, тагдыр аны бизге эмнеге буюрбады дейм.
— Азыр сиз кутман куракта, 76 жаштасыз. Мени кызыктырган дагы бир суроом бар эле. Сизге карылык жактыбы?
— Бул эми ар кайсы жактан алып жооп бере турган суроо экен. Карылыктын жакшы да, жаман да жагы бар. Карылыкка жеткен да бар, жетпеген да бар. Ар кимге ар кыл жашоо жазылат экен да. Бирөөлөр жаш кетип калса, кээ бирөө 90-100дү ашып жашайт экен.
Карылык куракка жетип, ошого чейинкилердин баарын көрүп, жаман эмне, жакшы эмне экендигин түшүнүп-билгендин өзү жакшы.
— Сиз бактылуу адамсызбы?
Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2018
Саламат Садыкова: эки кишинин өлүмүнөн кийин көп ойлончу болдум
— Негизи мен жашоо-турмушумда бактылуу адам болдум. Барган жерим, кайындарым мыкты болду, анан өзүмдүн абышкам кандай сонун адам эле. Балдарымдын улуусу Аслан Исабаев скрипач, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин скрипка мектебин бүттү. Кичүүсү Актан Исабаев пианино, фортепиано боюнча классты бүттү. Пианист. Актан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Бактылуу үй-бүлөбүз. Балдардын баары өз оюмдагыдай чыкты. Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын...
Азыр да "апа, эмне керек", "апа, эмне кылалы" деп турушат. Эч нерсенин кереги жоктугун, башкысы алардын аман болушу мага маанилүү экенин айтам. Чын, мага ошонун өзү ырахат. Болгону бактым узак болбой калганы чатак болду. Чалагыз менен болгону 25 жыл жашап калдык. 50, 60 жыл бирге өмүр сүргөндөрдү эстеп, тагдыр аны бизге эмнеге буюрбады дейм. Кырсык капыстан колдон жулуп кетип жаман болбодумбу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Актан Исабаев (@aktan.isabaev)

— Адатта чыгармачыл адамдар кабылып калчу нерселерге аралашкан жоксуз, өзүңүз айткандай, кеп-сөз ээрчиген жок...
— Мен сөзгө ашыкча аралашпайм. Анан эки-үч аял отура калып же башкалар аркы-беркини, ашыкча сөздү сүйлөп жатса, "аны эмне кыласыңар, андан көрө ишиңерди карагыла. Бирөөнүн ишине кийлигишпегиле, андан көрө чыгармачылык менен иштегиле да" деп акырын сүйлөп жанынан өтүп кетем. Антсем "бул бизге кийлигишип эмне кылат" дегендей карап калышат. Ашыкча сөз, ушак, бирөөнү кеп кылуу табиятыма жакын эмес. Негизи баары биригип, ынтымактуу болуп, жакшы иш, ак эмгек кылса, ошонун үзүрүнө жетет экен. Муну өзүмдүн баскан жолумдан улам билем.
Чатактын, таарынуунун, кек сактоонун эмне кереги бар? Адам аз жашайт, ошол мезгил ичинде жаман ойлобой, жаман көз карашта болбой өмүр кечирсе дейм.
— Достук деген эмне, досту кантип күтүш керек экен?
— Бир досум туурасында айтып берейин. Бир ирет Кочкордо гастролдо жүрсөк, концертибизге Ибадат аттуу бейтааныш кыз келип, үйүнө конокко чакырды. Ата-энеси үй-бүлөсү менен абдан даярданып күтүп алды. "Сени менен өмүр бою дос болгум келет" деп мага көздүү алтын шакек такты... Ушул күнгө чейин тыгыз байланыштабыз. Учурда Бишкекте жашайт. Эң жакын адамым. Сырдашым, муңдашым, ынакпыз. Биздин үй-бүлөнүн жакшылыгында, кыйынчылыктарында дайыма бирге болуп келди.
Дагы бир эң жакын досум — Зина. Ал адамдын ичи казактын "кең даласындай" (кең талаа – ред.), кыргыздын шар жүргөн адамдарынын бири. Мени дайыма гүлгө ороп жүрөт. Ар бир концертимди калтырбай, мен үчүн эң сонун белек гүл экендигин да жакшы билет. Аны менен бизди канча жылдык достук байланыштырып келет. Негизи, жакшы дос байлык, тирек жана жөлөк. Булардан сырткары кесиптеш досторум бар. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСамара Токтакунова: Чатактын, таарынуунун, кек сактоонун эмне кереги бар? Адам аз жашайт, ошол мезгил ичинде жаман ойлобой, жаман көз карашта болбой өмүр кечирсе дейм.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Самара Токтакунова: Чатактын, таарынуунун, кек сактоонун эмне кереги бар? Адам аз жашайт, ошол мезгил ичинде жаман ойлобой, жаман көз карашта болбой өмүр кечирсе дейм.
— Небере таттуу болот дедиңиз...
— Үйдө бир жагымдуу кыжы-кужу, ызы-чуу. Чоң эне үчүн кичинекей неберенин жытынын жанында кыз-келиндер асман-айга теңечү француз атыры караандабайт. Неберемдин жытын искесем жыргап, ырахат алып, эң бактылуу байбиче болуп калам. Эң бактылуу байбиче болуп калам. Дал ушул сөздү бөлүп айткым келет да. Небере, чөбөрө көргөн кандай сонун, айланып кетейин, ай. Кудай ошол бактымды буюрсун деп тилейм. Ошолор өмүрлүү болсун, мен көргөн жыргал, бакытты оодарып берейин деп каалайм. Келечеги кең, асманы ачык болуп, Күнү төбөсүндө жаркырап тийип, Кыргызстанымда тынчтык болуп, ынтымак менен жашашса, балдарым мен көргөндү көрүп, жамандык көрбөсө дейм (маектешибиз толкунданып, жашып кетти). Чоң энемин да, ушинтип, чыдабай берилип кетем. Неберелеримди ойлогондо өзгөчө болуп кетем.
Баары бир тең, балдар бир тең болот экен.
— Жашоодо жек көргөн кишилериңиз барбы?
Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2019
Калыйбек Тагаев: немистердин өлгөн балдарынын кийимин жыртып чоңойдук
— Менимче, жок го дейм. Көчөдө бара жатсам токтотуп алып, "ий, айланайын, комузчу кызсыңбы" деп карап, "келчи, айланайын, колуңдан өөп коеюнчу" дешкен учурлар болду.
....Талаа-түзгө концерт коюп калабыз. Кичинекей неберелерин жетелеп алып, улуулар келишет. "Сен жанагы комузчу кара кызсыңбы, балакетиңди алайын" деп ичти жылытышат. Мен да ал-абалын, ден соолугун жакшылап сурайм. Бир ирет улгайып калган апа келип "жаркылдаган жакшы адам турбайсыңбы. Самара балам, неберемдин оозуна түкүрүп койчу" деп суранды. Чочуп кеттим. "Иий, апа, андай болбойт да, андан көрө чекесинен өөп коеюн десем" десем болбойт көшөрүп. Андай окуялар көп болду. Илгери таланттуу, элге белгилүү адамдарга балдарды атайын алып барып, оозуна түкүрттүрүп кыйнашчу дейт. Түшүндүрүп жатып, араң ынандырасың. Өөп койсом, "бүттү, эми бир жумага чейин бетин жуубайбыз" дешет тамаша-чыны аралаштырып. Адамдардын сага урмат-сый менен мамиле кылып, колуңду кармаганга ынтызар болуп, ошого кадимкидей каниет алып калышы — кандай бакыт. Муну менен эмне айткым келип жатат, адамдар канчалык бири-бирине жакшы сөз айтса, жылуу мамиле арнаса ыза, таарыныч, ачуу сөздөр азайып, жашоо жаркын болот. 
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Коркконум эл ортосунда достук, ынтымак, тынчтык ыдырабаса экен. Бир эле Ала-Тообуз, бир эле Ай, бир эле Күнүбүз бар", — дейт Самара Токтакунова.
Народная артистка СССР и КР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Коркконум эл ортосунда достук, ынтымак, тынчтык ыдырабаса экен. Бир эле Ала-Тообуз, бир эле Ай, бир эле Күнүбүз бар", — дейт Самара Токтакунова.
— Эмнеден коркосуз?
— Ойлонбой туруп айтайын, Кыргызстанда тынччылык жана ынтымак болсо экен. Ал тарап, бул тарап деп эл-жер бөлүштүрбөй, тынч жашасак.
Толкундоолордун кереги жок. Кайгылуу окуялардын канчасын көрдүк. Болбогон жерден канча балдар өтүп кетти. Айланайын, алар да бирөөнүн уулу, бирөөнүн небереси эле да. Алардын өмүрү бекеринен кыйылып кетти. Жалпысынан алганда бизде жашоо өтө жаман эмес.
Коркконум эл ортосунда достук, ынтымак, тынчтык ыдырабаса экен. Бир эле Ала-Тообуз, бир эле Ай, бир эле Күнүбүз бар. Бөтөндөргө жакшы жагынан мисал болсок экен дейм. Кудай тынчтыктан айырбасын, үйдөн аман-эсеп чыгып, дал ошондой кайра үйгө келсем экен дейм. Балдары үйдө күтүп, чайым кайнап, келиним адаттагысынай, "апа, тамакка учурунда келип калдыңыз" деп турса, ошол жакшы эмей эмне. Үйгө кирсем неберелерим "эмне алып келдиңиз" деп сумкамды кошо талашып турса, ал жагымдуу эмей эмне.
Жаңылыктар түрмөгү
0