00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Европага "саясий жактан ыңгайсыз вакцина" кире алабы? Күнгөй-тескейи

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвропа Бирлигинин желеги. Архив
Европа Бирлигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
ЕБдин дипломатиялык жетекчилеринин селектордук жыйынында Ангела Меркель европалык мейкиндикке кирүүгө уруксат берүүчү эмдөө сертификатын киргизүү зарылдыгы боюнча макулдашылганын билдирди.
Макулдук азырынча принципиалдуу гана маселе, долбоор ийне-жибине дейре талданып, үч айдан кийин сунушталат. Бул маселенин айланасындагы ой толгоо РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Анда көрсөтүлгөндөрдүн баары эмделген кишинин паспортуна да тиешелүү экени белгилүү. Баарынан да эмдөө тыюу салынган адамдар эмне болору түшүнүксүз. Утурумдук көрсөткүчтөр, мисалы, жакында эле коронавирустук инфекцияга кабылып, сакайгандардыкы го бир жөн.
Башка инфекциялык илдеттер менен катар эле алар бир аз күтүп, кийин эмделе берсе болот. Бирок өнөкөт оорулар да бар эмеспи, алардан азап чеккендер эмне болот? Бирок иш муну менен чектелип калбайт. Азыр дүйнөдө вакцина арбын, дагы көбөйүп калышы ыктымал.
Вакцинация от коронавируса в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жер жашоочуларынын 10%ында гана COVID-19га каршы антитело бар
Дал кайсы препарат менен эмдөө ЕБ сертификатын алууга укук берет? Евроатлантикалык Pfizer/BioNTech, Moderna, AstraZeneca үчтүгү бюрократиялык тоскоолдукка кабылбаса керек. Бирок Россия ("Спутник V" жана "ЭпиВакКорона") жана Кытай (Sinovac Biotech, CanSino Biologics, CNBG — Sinopharm) вакциналарын бул багытта татаал шарттар күтүшү мүмкүн.
Алардын канчалык касиети болсо да, брюсселдик керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагын көзөмөлдөө кызматы тарабынан расмий тастыктала элек. Болду-болбоду алар менен эмделген жарандар чек арадан өтүү үчүн сертификат ала албайт. Анткени "демократиялык эмес" вакцинанын пайдалуулугу же залалдыгы жөнүндөгү маселе медициналык гана тургай, саясий да болуп эсептелет. Ал эми ишке саясат аралашканда, башкача айтканда, "тоталитаризмдин башталышына каршы демократияны жайылтууда" жагдай "Түндүк агым — 2" долбоору сымал өңүт алат. Анда "Циклон-Бга" караганда орус көмүртеги жүз эсе кооптуу деп табышпадыбы.
Жакында эле Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен: "COVID-19га каршы вакцина боюнча Россиянын стратегиясы таң калтырат. Эмнеге Россия өз калкын эмдөөдө жетишерлик деңгээлге жетпей туруп, башка өлкөлөргө миллиондогон ченемдерди сунуштоодо? Бул суроо жоопсуз калбоого тийиш", – деди. Жетиштүү прогресс эмне экенин айтыш кыйын. Европанын өзүндө андай деңгээлге жете электе европалык аткаминерлердин бул теманы көтөрүп чыкканы орундуубу? Болбосо Венгрия "Спутник" вакцинасын сатып алып, ал эми Чехия, Австрия, Италия бул туурасында ойлонмок эмес. Вакцина майнаптуу же натыйжасыз деп гана аныкталат. Кеп кандай жол менен болсо да россиялык вакцинаны жокко чыгаруу ниетинде. Атап айтканда, визалык сертификатты берүүгө аны менен эмдөө негиз боло албайт деп эсептешчүдөй.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Россия душмандары "Спутник V" вакцинасынын лидерлигинен коркуп жатат. Пикир
Албетте, баары Урсула жана анын пикирлештерине жараша болбойт. Кылдан кыйкым издеген андай топтун кызыкчылыктарынан сырткары да башкача ойдогу топтор жок эмес. Маселен, россиялыктардын кирешелери төмөндөп кеткени менен туризмди четке кага тургандай жакырлык деңгээлине кептелген жок. Ал эми европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүн (айталы, Италия, Франция, Греция ж.б.) илдет каптаганча туризм ИДПны он пайыздан он беш пайызга чейин толуктап, калктын кыйла бөлүгүн жумуш менен камсыздаган. Бул мамлекеттер ковидге чейинки убактын жана россиялык туристтердин акчаларынын кайтып келсе деп ак эткенден так этип турушат. Андыктан виза сертификациясы өңдүү узак мөөнөттүү саясат ар кыл күтүүсүз жагдайлар менен коштолушу ыктымал. Үч айдан кийин кайсы вакциналар виза алуучуларга шексиз негиз болуп берери курч талаштарга себеп болчудай...
Жаңылыктар түрмөгү
0