Кеминде мал айдап келем деп жайытка кеткен 31 жаштагы аял изделип жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЗима в Омской области
Зима в Омской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Келинди табууга куткаруучулар, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бүгүн издөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кеткен. Ошол эле күнү ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучу, ИИМден төрт кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Азырынча жыйынтык жок.
Бүгүн издөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0